Бекешев Жээнбековду артыкчылыктан ажыратууну сунуштап, Жумабеков каршы чыкты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭкс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2022
Жазылуу
Депутат президент Жапаров октябрда Жээнбековдон милдеттеме алганбы деп шек санады.
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети экс-президенттерди артыкчылыктардан ажыратуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Демилгенин автору депутат Жеңишбек Токторбаев эгер бул мыйзам кабыл алынса, артка иштебей турганын, демек, экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаевага тиешелүү эместигин айтты.
Ал эми эл өкүлү Дастан Бекешев мурдагыларга дагы тиешелүү боло тургандай кылуу зарылчылыгын айтты.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Жогорку Кенеша Дастан Бекешев
Депутат Жогорку Кенеша Дастан Бекешев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2022
"Менимче, бул өтө туура эмес, Жээнбеков өзү 2019-жылы Атамбаевге каршы мыйзам чыгарып, VI чакырылыштын депутаттары колдошкон. Президенттин аппаратынан депутаттарга басым болгон, ар кандай сөздөр менен кысымга алышкан. Жашоо бумеранг деп коёт го. Эми аны өзү дагы көрсүн. Башка президенттерге да сабак болот. Эгер андай кылбасак Садыр Жапаровго тиешелүү болуп калабы? Бул мыйзамды милдеттүү түрдө артка иштей тургандай кылыш керек деп ойлойм. Жээнбеков октябрда кетип жатканда "экс-президент" статусун сактап калуу шартын койгон окшойт. Садыр Жапаров эч кимден милдеттеме албашы керек. Ал эл тарабынан шайланган, президенттин эч кимге карызы жок. Эгер ушундай шартка макулдашса дагы коркпой туруп алып салышы абзел", — деди Бекешев.
Токторбаев муну 100 пайыз колдой турганын, өзү дагы ошондой болушун каалап жатканын, эгер мыйзамга дал келүүчү сунуштары болсо, биргеликте иштеп чыгууга даярдыгын айтты.
Ал эми Нурланбек Азыгалиев президенттиктен кеткенден беш жылдан кийин "экс" макамынан ажыратууну сунуштады эле мурдагы төрага, учурдагы депутат Дастан Жумабеков айтылып жаткан демилгелер орунсуз экенин билдирди.
© Фото / пресс-служба ЖКТорага Жогорку Кенеша Дастан Жумабеков
Торага Жогорку Кенеша Дастан Жумабеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2022
"Биз мыйзамдын алкагында иш кылабыз, демек, ага баш ийишибиз керек. Кабыл алынган мыйзам артка иштебейт. Экс-президенттин статусун 5 жылдан кийин алып коюш керек дегенге дагы каршымын. Эми ал деле түбөлүк жашабайт, кайсы бир жашка жеткенде дүйнөдөн өтөт. Президент болгондо ал көп тобокелчиликтерди алат, душман күтөт, мамлекеттик чечимдерге кол коёт, башка өлкөлөр менен сүйлөшөт, бирөөгө жакшы-жаман көрүнөт. Ошонун негизинде "экс-президент" деген статус берилип жатат. Мунун баары практикадан алынган нерсе", — деди Жумабеков.
Ошондой эле ал экс-президентти өмүр бою мамлекеттик кайтарууга алуу, үй-бүлө мүчөлөрүнөн бери акысыз медициналык тейленүү укуктарын берген норманы өзгөртүүсүз калтырууну сурады. Демилгечи депутат ага макул болду.
Белгилей кетсек, Жеңишбек Токторбаев экс-президент резиденциядан кетип, жан сакчыны өзү каржылоо сыяктуу артыкчылыктардан ажыратуучу мыйзам долбоорун сунуштап жатат.
Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2022
Бейөкмөт уюмдар ар бир ишине отчет берет. Нарматова мыйзам долбоорун сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0