Экс-президент резиденциядан кетип, жан сакчыны өзү каржыласын. Мыйзам долбоору

© Sputnik / Эркин АлымбековРезиденциядагы үй. Архивдик сүрөт
Резиденциядагы үй. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.08.2022
Жазылуу
Пенсия менен маянадан сырткары бир нече артыкчылыктан ажыратуу демилгеленди.
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Экс-президенттерди мамлекеттин эсебинен багуу мыйзам долбоорун жокко чыгаруу сунушталды. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев сунуштап, коомдук талкууга чыгарды.
Мыйзам долбоору мамлекеттин мүлкүн жана бюджет каражатын рационалдуу пайдаланууга багытталган.
Депутат сунуштаган долбоор:
Мамлекеттик резиденцияда жашаган президенттен башка бардык жогорку кызмат адамдары коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын өз жанынан төлөсүн;
Жаңы шайланган президент кызматына киришкен учурдан тартып бир айдын ичинде экс-президент мамлекеттик резиденциядагы кыймылсыз мүлк объектилерин пайдаланууну токтотуп, чыгып кетсин;
Экс-президент мамлекеттик кайтаруудан (жан сакчыларды) пайдаланууга укуктуу. Бирок аларды өз эсебинен каржыласын;
Президент катары ыйгарым укуктарын токтоткон күнү өзүнө жана жубайына, багуусундагы жашы жете элек балдарына акысыз берилген медициналык тейлөө алып салынсын;
Мурдагы президент мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою пайдалануу укугунан ажыратылсын;
Мамлекетке караштуу телефон, интернет жана байланыштын башка түрлөрүн акысыз колдонуу, почта жана телеграф жөнөтүүлөрүнүн бардык түрлөрүн өкмөттүк разрядда тейлөө беренеси жокко чыгарылсын.
Учурда экс-президенттер пенсия курагына жеткенге чейин иштеп жаткан президенттин айлыгынын 75 пайыз өлчөмүндө ай сайын маяна алууга, пенсияга чыкканда дагы ушундай эле көлөмдө пенсия алууга укуктуу. Бул норма өзгөртүүсүз калтырылган.
Мыйзам долбоорунун автору экономикалык жактан кубаттуу Түркия, Кореянын кызматтан кеткен мамлекет башчыларына Кыргызстандын экс-президенттериндей артыкчылыктар берилбей турганы жазылган.
Белгилей кетсек, учурда Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамына ээ. Буга чейин да парламенттин жыйында Жеңишбек Токторбаев аларга жан сакчы берүүнүн кереги жоктугун айткан.
Бишкекте Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдында Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарын митинги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2022
Бишкектеги митингчилер Жээнбековду камакка алууну талап кылышууда. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0