Катуу суук түшөбү? Жалал-Абад облусундагы бир аптага карата аба ырайы

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүСуукта отурган таранчы. Архивдик сүрөт
Суукта отурган таранчы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2022
Жазылуу
10-11-декабрда күн ачык болуп турат.
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келерки жумада Жалал-Абад облусунда аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат берди.
Синоптиктердин божомолуна ылайык, 5-6-декабрь күндөрү айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Ал эми 7-декабрдан 9уна чейин көпчүлүк аймактарда кар жаайт. 10-11-декабрда күн ачык болуп турат.
Жолдорго муз тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Апта ичинде -10 градуска чейин суук болот.
Кар учурунда көчөдө бараткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2022
Кыш келди. Декабрда аба ырайы кандай болот
Жаңылыктар түрмөгү
0