Кыш келди. Декабрда аба ырайы кандай болот

© Sputnik / Табылды КадырбековКар учурунда көчөдө бараткан кыздар. Архив
Кар учурунда көчөдө бараткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2022
Жазылуу
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору айтылды.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги декабрь айына карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
© Фото / пресс-служба КыргызгидрометДекабрьдагы абанын айлык орточо температурасы
Среднемесячная температура воздуха по Кыргызстану в декабре 2022 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2022
Декабрьдагы абанын айлык орточо температурасы
Абанын айлык орточо температурасы жана жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу мүмкүн.
© Фото / пресс-служба КыргызгидрометДекабрьдагы жаан-чачындын айлык көлөмү
Среднемесячное количество осадков в Кыргызстане в декабре 2022 года - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2022
Декабрьдагы жаан-чачындын айлык көлөмү

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -1…-3 градус, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -4…-6 градус суук болушу ыктымал. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +3 ...-2 — 4…-9 градуска чейин төмөндөсө, күндүз -2...+3 — 9…14 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -10…-15 градуска чейин муздайт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу ыктымал.

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -2…-4 градус суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1...4 — 5…-10 градуска чейин суук, күндүз -2 ...3 — 9…14 градуска чейин жылышы ыктымал. Кээ күндөрү аяздын күчү түнкүсүн -11…-16 градуска чейин, күндүз -3…-8 градуска чейин жетиши мүмкүн. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору айтылды.

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 0…2 градус, тоо этектериндеги райондордо -1…-3 градус суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 4...1 — 2…-7 градуска чейин суук болсо, күндүз 1…6 — 11…16 градуска жетип, жылый турганы айтылды. Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +3 …-2 — 3…-8 градуска чейин суук болушу күтүлүүдө. Кээ бир түндөрү абанын температурасы -14 градуска чейин төмөндөөрү айтылды. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакындайт.

Жалал-Абад облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 0…2 градус жылуу, тоо этектериндеги райондордо -1…-3 градус суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +4…-1 — 2…-7 градуска чейин суук, күндүз 1…6 — 11…16 градуска чейин жетип, өзгөрүлүп турмакчы. Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +3 …-2 — 3…-8 градуска чейин суук болот. Кээ бир түндөрү сууктун күчү -9…-14 градуска чейин жетет. Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3 …+2 — 5…-10 градусту көрсөтсө, күндүз -1…+4 — 5…10 градуска чейин жылыйт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 0…2 градус жылуу, тоо этектериндеги райондордо 1…-3 градус суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +4…-1 — 2…-7 градуска чейин суук болору айтылды.
Күндүз термометр 1…6 — 11…16 градусту көрсөтөт. Кээ бир түндөрү сууктун күчү -14 градуска жетет. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору күтүлүүдө.

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 0…-2 градус суук, чыгышында -3…-5 градуска төмөндөшү мүмкүн. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +1…-4 — 5…-10 градуска чейин суук болуп, өзгөрүлүп турмакчы. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -10…-12 градус, Кочкор районунда -7…-9 градус суук болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4…-9 — 10…-15 градуска түшсө, күндүз 0…5 — 2…-7 градустун тегерегинде болот. Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн - 18…-23 градус, күндүз -10…-15 градуска чейин төмөндөшү ыктымал. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору айтылды.
Электрический счетчик освещенный свечой. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2022
Кыргызстанда эртең менен кечинде электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилет
Жаңылыктар түрмөгү
0