ДЧ-2022: тагдыр чечкен бир нече мүнөт. Түштүк Корея Уругвайдан жолдомону алып кетти

© AFP / ODD ANDERSENТүштүк Кореянын футболчулары
Түштүк Кореянын футболчулары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2022
Жазылуу
Футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун 1/8 финалына Португалия менен Түштүк Кореянын курама командалары чыкты. Ал эми Уругвай менен Гананын оюнчулары үйлөрүнө кетишет.
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Түштүк Кореянын курама командасы үчүнчү турдагы беттештин акыркы мүнөттөрүндө футбол боюнча дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычына жолдомо утуп алды.
Н тайпасында түштүк кореялыктар Португалиянын футболчуларын 2:1 эсебинде утуп алды. Параллель беттешүүдө Уругвай курамасы 2:0 эсеби менен Гананын футболчуларын артка калтырды.
Португалиянын курама командасы мөөнөтүнөн мурда жолдомо жеңип алып, алты упай менен 1/8 финалга жолдомо алды. Түштүк Корея менен Уругвайдын ар биринде төрттөн упай бар, бирок Түштүк Американын командасы Гананы жок дегенде 3:0 эсебинде утуп алышы керек болчу. Ал ийгиликке жете алган жок жана гол киргизгендердин саны көп болгондуктан, экинчи жолдомону Түштүк Кореянын командасы алып жатат.
Ошентип, 1/8 финалга Португалия (6 упай) менен Түштүк Корея (4 упай) жолдомо алды. Уругвай менен Гананын спортчулары үйлөрүнө кетет.
Португалия менен Түштүк Кореянын командаларынын 1/8 финалга чыга турган атаандаштары G тайпасындагы беттештердин жыйынтыгы менен аныкталат.
Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын кубогу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2022
Футбол боюнча ДЧ-2022. Тайпалар аныкталды
Жаңылыктар түрмөгү
0