Футбол боюнча ДЧ-2022. Тайпалар аныкталды
00:10 02.04.2022 (Жаңыртылды: 00:12 02.04.2022)
![Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын кубогу. Архив Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын кубогу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2022](https://sputnik.kg/img/104020/28/1040202881_0:0:3137:1765_1920x0_80_0_0_019071b76b7b8103b09eaea15b065386.jpg)
© Sputnik / Антон Денисов
/ Жазылуу
Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат 2022-жылы Катарда 21-ноябрдан 18-декабрга чейин болот.
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Катардын борбору Дохада бүгүн Футбол боюнча чемпионаттын катышуучулары чүчү кулак кармады.
Салтанаттын алдында боло турган турнирдин маскоту көрсөтүлдү. Ал Лаиб деп аталган килем-учак экени анык болду.
32 команда сегиз квартет боюнча бөлүндү. Учурда алардын ичинен 29у белгилүү болду. Дагы үч жолдомо марттагы беттештерден кийин бөлүштүрүлмөкчү.
Чүчү кулактын жыйынтыгы:
А тобу: Катар, Эквадор, Сенегал, Нидерланд;
В тобу: Англия, Иран, АКШ, Украина/Шотландия/Уэльс;
С тобу: Аргентина, Сауд Аравиясы, Мексика, Польша;
D тобу: Франция, БАЭ/Австралия/Перу, Дания, Тунис;
Е тобу: Испания, Коста-Рика/Жаңы Зеландия, Германия, Япония.
F тобу: Бельгия, Канада, Марокко, Хорватия;
G тобу: Бразилия, Сербия, Швейцария, Камерун;
Н тобу: Португалия, Гана, Уругвай, Түштүк Корея.
Футбол боюнча ДЧ-2022 Катарда 21-ноябрдан 18-декабрга чейин болот.