Келерки аптага карата Таластагы аба ырайы

© Sputnik / Алексей КуденкоБутакта отурган чымчык. Архив
Бутакта отурган чымчык. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2022
Жазылуу
Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумада Талас облусунда аба ырайы кандай болорун айтты.
Маалыматка ылайык, 4-декабрда жаан-чачын болбогону менен 5-декабрда күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. 6-10-декабрда күндүн көзү бузулбайт. 8-декабрда жана 9-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар түшүшү күтүлөт.
Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Кар учурунда көчөдө бараткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2022
Кыш келди. Декабрда аба ырайы кандай болот
Жаңылыктар түрмөгү
0