https://sputnik.kg/20221201/kyrgyzstan-ayal-ehrkek-statistika-1070542474.html
Кыргызстанда эркектерге караганда аялдар көптүк кылат. Жаңы статистика
Кыргызстанда эркектерге караганда аялдар көптүк кылат. Жаңы статистика
Sputnik Кыргызстан
2018-жылы 1 000 аялга 983 эркек туура келсе, быйылкы жылдын башында бул көрсөткүч 985ке жетти. 01.12.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-12-01T08:33+0600
2022-12-01T08:33+0600
2022-12-01T08:33+0600
кыргызстан
аял
эркек
статистика
https://sputnik.kg/img/104635/26/1046352638_0:247:3067:1972_1920x0_80_0_0_18de69406c8493825d893b28cda7a7c8.jpg
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Улуттук статистика комитети 2022-жылдын башында аял жана эркектердин саны боюнча өлкөдө абал кандай экени тууралуу маалымат таратты.Ага ылайык, аялдар дагы деле эркектерге салыштырмалуу көптүк (дээрлик 50 миң кишиге) кылат.Маалыматта соңку беш жыл тууралуу айтылат. Мисалы, 2018-жылы 1 000 аялга 983 эркек туура келсе, быйылкы жылдын башында бул көрсөткүч 985ке жетти.Кыргызстан боюнча алганда жалпы жарандардын 50,4 пайызын аялдар түзсө, 49,6 пайызы — эркектер. Анткен менен эмгекке жарамдуулар арасында эркектер көбүрөөк (51,5 пайыз).Ал эми пенсия курагына келгенде эркектердин саны кескин кыскарып, өз категориясындагы жарандардын 30 пайызын гана түзүп калган.Буга чейин Улуттук статистика комитети Кыргызстан карылыктын босогосунда турганын билдирген.
https://sputnik.kg/20221029/kyrgyzstan-ayal-ehrkek-bala-statistika-1069461215.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104635/26/1046352638_338:0:3067:2047_1920x0_80_0_0_fbd946f382f308caf0a9310c2d06fdcd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, аял, эркек, статистика
кыргызстан, аял, эркек, статистика
Кыргызстанда эркектерге караганда аялдар көптүк кылат. Жаңы статистика
2018-жылы 1 000 аялга 983 эркек туура келсе, быйылкы жылдын башында бул көрсөткүч 985ке жетти.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Улуттук статистика комитети 2022-жылдын башында аял жана эркектердин саны боюнча өлкөдө абал кандай экени тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, аялдар дагы деле эркектерге салыштырмалуу көптүк (дээрлик 50 миң кишиге) кылат.
Маалыматта соңку беш жыл тууралуу айтылат. Мисалы, 2018-жылы 1 000 аялга 983 эркек туура келсе, быйылкы жылдын башында бул көрсөткүч 985ке жетти.
Кыргызстан боюнча алганда жалпы жарандардын 50,4 пайызын аялдар түзсө, 49,6 пайызы — эркектер. Анткен менен эмгекке жарамдуулар арасында эркектер көбүрөөк (51,5 пайыз).
Ал эми пенсия курагына келгенде эркектердин саны кескин кыскарып, өз категориясындагы жарандардын 30 пайызын гана түзүп калган.
Буга чейин Улуттук статистика комитети Кыргызстан
карылыктын босогосунда турганын билдирген.29 Тогуздун айы 2022, 10:22