Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Чечендердин мыкаачылыгы". Кадыров менен муфтий Рим папасына жооп беришти

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүЧечен республикасынын башчысы Рамзан Кадыров. Архив
Чечен республикасынын башчысы Рамзан Кадыров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2022
Жазылуу
Понтификке тоолуктардын мүнөзүн жакшылап билүү үчүн Михаил Лермонтовду окуу сунушталды.
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Рим папасы Франциск мусулмандардын душманга жасаган мамилеси тууралуу таптакыр кабары жок окшойт, бул ага абийир алып келбейт. Чечен республикасынын башчысы Рамзан Кадыров Telegram-каналына ушундай билдирүү калтырды.
Понтифик Amerika журналына маек берип жатып Украинадагы атайын операция учурунда орус салтынан тыш тарбияланган жоокерлер ашкере мыкаачылык көрсөтүп жатканын айтып, мисалы катары чечендер менен буряттарды келтирген.
"Инквизиция, кандуу жүрүштөр, бандерачылар тарткан чыныгы мыкаачы кадрларды же жакында эле куралсыз россиялык жоокерлердин атылышын эске салсак болот. Бирок андан көрө ар бир чечен согушта болобу, тынч жашоодо болобу эмнеге таянып жашай турганын айтып берейин. Бул — ислам", — деп жазган Кадыров.
Ал Россияда 190 улуттун өкүлдөрү жашай турганын белгилеп, бир бөлүктө кызмат өтөгөндөрдүн улутун карап туруп эле кантип аныктоого болсун деп суроо салган.
"Биздин жоокерлердин катарында бир да аракеч же наркоман жок, баары диндар адамдар. Согуш талаасында душманга да ар-намыс, урмат-сый керек экенин ар бири жакшы билет", — деди республиканын жетекчиси.
Кадыров чечендер Мухаммед пайгамбардын үмөтү экенин айтып, алгач тынч сүйлөшүүнү сунуштап, андан кийин гана кескин аракеттерге барарын белгиледи. Анын айтымында, Рим папасы батыш пропагандасынын таасиринде калган.
Понтификтин сөзүнө Чеченстандын муфтийи Салах Межиев да жооп берген. Ал чечендер душманга гана катаал болуп, тынч элге мээримдүү экенин айтып, тоолуктардын мүнөзүн тереңден билүү үчүн Михаил Лермонтовду окууну сунуштаган.
НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Столтенбергдин Европа кыйналса да Киевге жардам берерин айтканы нааразылык жаратты
Жаңылыктар түрмөгү
0