Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Рим папасы бурят, чечендердин "таш боордугу" тууралуу айтып, сынга кабылды

© AFP / FILIPPO MONTEFORTEРим папасы Франциск
Рим папасы Франциск - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2022
Жазылуу
Россия ТИМинин өкүлү Мария Захарова Рим папасы чындыкты бурмалап жатат деген билдирүү менен чыкты.
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Россиянын Украинадагы атайын операциясында жоокерлер орус салттарынан тышкаркы ырайымсыздыкты көрсөтүп жатат. Бул туурасында папа Франциск Amerika журналына берген маегинде айткан. Ал буряттар менен чечендерди мисал кылган.
Россия ТИМинин өкүлү Мария Захарова Рим папасынын сөздөрү чындыкты бурмалап жатат деген билдирүү менен чыкканын РИА Новости жазды.
"Бул русофобия эмес, кандай экенин ал тургай айта да албайм, бирок чындыкты бурмалоо. Эсиңердеби, 90-жылдардын соңунда, 2000-жылдардын башында тескерисинче айтып келишкен. Орустар, славяндар Кавказ элдерине жашоо бербей жатат дешсе, эми алар орустарды кыйнады дешүүдө. Чындыкты мынчалык бурмалап кереги жок", — деген дипломат.
Бурятия башчысы Алексей Цыденов папанын сөздөрүнө жумшагыраак реакция кылып, "кызыктай" деп атады.
"Бурятия жоокерлери өздөрүнүн милдетин абийирдүүлүк менен аткарууда жана Россия армиясындагы эң үлгүлүү мисал боло алат. Жалтанбай өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын татыктуулук менен коргоп жатат. Жай жарандарды сактап калышууда, андан сырткары, туткунга түшкөндөргө адамкерчилик менен гумандуу мамиле кылышууда. Ичинде жүздөгөн улуттар, ошол эле буряттар бар, орус армиясы дал ушундай салгылашып жатат. Католик чиркөөсүнүн башчысынан конкреттүү улуттар, тагыраагы (жай элди коргоп жаткан), буряттар, чечендер тууралуу мындай пикирди угуу өтө кызыктай нерсе болду", — деп жазган Цыденов өзүнүн Telegram каналына.
Республика жетекчиси Донбасстын жашоочулары сегиз жыл бою аткылоонун алдында жашап келгенин, жүздөгөн киши көз жумганын, украиналык улутчулдар элди кыйнагандыгын эске салды. Ал эми аларга кылмыштуу режим жана "цивилдүү" улуттар куратор болуп, жетекчилик кылып жаткандыгын белгиледи. Цыденов эгерде россиялык аскерлер көзгө түшсө, демек, "алар өз милдетин так аткарып" жаткандыгын айткан.
Чеченстандын улуттук саясат, тышкы байланыш, басма сөз жана маалымат министри Ахмед Дудаев муну "Кадыровдун шарт койгон позициясына жана анын командасына" каршы "дүйнөлүк ЛГБТ-лоббинин" реакциясы деп атады.
"Ага чечен аскерлеринин Донбасстын жашоочуларына карата таш боордугу же ак дилден кылган мамилеси боюнча суроого кеңеш беришсе болмок экен. Аталган аймактын эли биздин бир туугандарды кубанып тосуп алып, оң мүнөздөмө берип, улутчулардан коргогонуна кубанып, тарбиясына, ыймандуулугуна, маданияттуулугуна суктанып келишет. Бирок биз Чечен Республикасынын жана анын командасынын ЛГБТ-лоббиге катуу каршы турганы, ультиматум койгон позициясы Рим папасына, европалык лидерлерге жакпаганын түшүнүп турабыз", — деп жазган Дудаев Telegram каналына.
Дудаев "Библия менен Ыйык Куран буга таптакыр каршы чыкса да" Ватикан менен Бүткүл католиктер чиркөөсүнүн башчысы тарыхта бир жыныстуулардын никелешүүсүн жактаган биринчи понтифик болуп калганын эске салды.
Россиядагы традициялуу сангхи Будданын башчысы Пандито Хамбо-лама да XXIV понтификтин сөзүн жакшы эмес деп атады.
"Католиктер дүйнөсүнүн башчысы биздин эл туурасында туруп-туруп эле жакшы эмес маанайда айтууга аргасыз болду. Сибирдин жана Ырааккы Чыгыштын суугу элди ар кыл жаман нерселерге бир топ эле чыдамдуу, көтөрүмдүү кылып кое турганын европалык латындар түшүнө албайт деп ойлойм", — деди ал.
Ошондуктан буряттар таш боор эместигин, болгону алар өз мекенин "ата-бабалары сыяктуу" фашизмден кайрадан жана татыктуу коргоого аргасыз экенин кошумчалаган.
Мамдума депутаты Адам Делимханов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мамдума депутаты украин армиясына кайрылып сюрприз болорун эскертти
Жаңылыктар түрмөгү
0