Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бактыгулов: курултайды жыйын жана институт катары бөлүп кароо зарыл

© Sputnik / Асель СыдыковаСаясат талдоочу Шерадил Бактыгулов
Саясат талдоочу Шерадил Бактыгулов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2022
Жазылуу
Саясат талдоочу Шерадил Бактыгулов курултай адатта жыйын катары эсептелип келсе, эми институт катары каралып жатканын белгиледи.
Курултай боюнча коомдо бирдиктүү пикир жок. Анткени дүйнөдө анын аныктамасы, жобосу, эрежелери так аныкталган эмес. Бул тууралуу Шерадил Бактыгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Бактыгулов: курултайды жыйын жана институт катары бөлүп кароо зарыл
Анын айтымында, буга чейин өзгөртүлгөн бардык Конституцияда курултай боюнча жазылган.
"Курултайдын эки мааниси бар. Биринчиси — жыйын. Мисалы, Кыргызстан элдеринин ассамблеясы өз жыйынын курултай дейт. Экинчи учурда институт катары каралууда. Эгемендүүлүк алгандан бери өзгөртүлгөн Конституциянын баарында курултай тууралуу жазылган. Ал тургай 2009-жылы президенттин буйругу менен жергиликтүү курултай боюнча жобо бекиген. Ошол эле учурда Элдик курултай боюнча жобо жок. Учурдагы Конституцияга курултайдын эрежелери конституциялык мыйзамдын негизинде бекиши керектиги жазылган. Мындан тышкары, өкүлчүлүк, байкоочулук жана кеңешме функциясы бекитилип, өлкөнүн өнүгүүсү боюнча сунуштарды берүү мүмкүнчүлүгү бекитилген. Бул жагынан алганда жалпы чектери белгиленген, бирок так кандай боло турганын дагы аныкташ керек. Ошондуктан коомчулукта ал боюнча бирдиктүү пикир жок болуп, суроолор жаралууда. Бул жагынан алганда курултайды жыйын жана институт катары бөлүп кароо зарыл. Анткени дүйнөдө курултай боюнча даяр аныктама, жобо, эреже жок. Анткени бул моңгол жана түрк тилдүү элдердин жыйыны катары эсептелип келген. Батышта жыйындар болгон, бирок парламентке айланып кеткен. Монголияда "улус хурал" деп аталып, айылдык, шаардык, улуттук деңгээлде бекитилген. Ал эми Кыргызстанда бул институт катары көрсөтүлүп, конституциялык орган катары бекип калды. Ошол эле учурда анын функциясы, мүмкүнчүлүктөрү, милдеттери так аныктала элек. Өлкөдө өткөн Элдик курултайга коомчулуктун бардык өкүлдөрү келди. Анда жергиликтүү көйгөйлөрдөн тартып мамлекеттик маселелерге чейин көтөрүлдү. Анда бийликке сын деле айтылып, пикирлер бир кылка болгон жок. Анткени курултай табияты боюнча жаман же жакшы эмес. Анын сапаты делегаттардан көз каранды. Ал эми делегаттардын арасында ар кандай адамдар болушу ыктымал. Тилекке каршы, Жогорку Кеңеш эл менен бийликтин ортосундагы "көпүрө" боло албай калды. Ал эми мындай милдетти аткарган институт керек. Мына ошол милдетти Элдик курултай аткарып калышы ыктымал", — деди Бактыгулов.
Ошондой эле ал курултайга баа берүүгө азырынча эрте экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0