Жөн эле кармата салбайт. Постсоветтик өлкөлөргө USAID берген акчалар. Видео

CC BY 2.0 / U.S. Department of Agriculture / Lance CheungАмерикалык USAID агенттиги. Архивдик сүрөт
Америкалык USAID агенттиги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2022
Жазылуу
Америкалык USAID агенттиги 2020-жылдын экинчи жарымында постсоветтик аймакты каржылоосун кескин көбөйттү. "Гуманитардык карчыга куштар" кайсы өлкөлөргө жана кандай тармактарга багыт алгандыгын Sputnik даярдаган материалдан көрө аласыз.
КМШ өлкөлөрүнө АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) "Демократияны колдоого" бөлгөн акчасы 2022-жылдын экинчи жарымында 248 миллион долларды түздү.
Салыштыруу үчүн алсак, USAID 2021-жылы бул өлкөлөргө 243 миллион (маалыматтар usaid.gov расмий сайтынан алынды) бөлгөн. Грант алуучулардын ана башында Армения, Грузия жана Молдова турган, албетте, Борбор Азия өлкөлөрү четте калган эмес. "Гуманитардык карчыга куштардын" башкы максаты — (USAID агенттигинин жетекчиси Саманта Пауэр өздөрүн ушинтип атап келет) жаштар менен журналисттер.
"Демократияны колдоо" — шылтоо, бетке кармаган нерсе сымал. Ал АКШ өз кызыкчылыгын дүйнө жүзүнө жайылтуу үчүн колдонгон механизмдердин бири.
Жыл сайын USAID агенттигине миллиарддаган доллар бөлүнөт.
Каражаттын бир топ бөлүгү СССРдин мурдагы өлкөлөрүнө кетерин жогоруда айттык. Украинада атайын операция башталгандан тарта "колдоо" активдеше баштады.
АКШнын акчасы төмөнкү мамлекеттерге жана конкреттүү максаттар менен берилген:
Грузия: 15 млн. доллар – "келечек муунду" "гендердик маселелерди" эске алып тарбиялоо иштерин жүргүзүүгө берилген. 250 миң доллар – "ылайыктуу" мугалимдерди даярдоого каралган.
Армения: 120 млн. доллар – Армениядагы демократияга кол кабыш кылуу. 4 млн. доллар – Армениянын маалыматтык айдыңын бекемдөөгө берилген.
Молдова: 50 млн. доллар – өлкөнүн батышчыл кадамын камсыздап, молдовалык ЖМКларда антироссиялык теманы чагылдыруу үчүн аталган өлкөдө түзүмдүк реформаларга көмөктөшүүгө каралган.
Казакстан: 200 миң доллар – коомдун "дезинформацияга" туруктуулугун, Казакстандын экономикасы менен "демократиялык институттарын" колдоого берилген. Мындан сырткары, дагы 34 млн. доллар Борбор Азиянын россиялык рынокко жана экспорттук маршруттарга көз карандылыгын азайтуу жаатында бөлүнгөн.
Программа Казакстанда, Кыргызстанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда жана Өзбекстанда иштейт.
 Meta* компаниясы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2022
Meta* Кыргызстанда АКШнын саясатын жүргүзгөн ондогон баракчаны жапты
Жаңылыктар түрмөгү
0