Калың кар жаабайбы? Кыргызстандагы бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКарда бульвардан бараткан аял. Архивдик сүрөт
Карда бульвардан бараткан аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2022
Жазылуу
Бул аптада өлкө аймагында маал-маалы менен кар жаай турганы күтүлүүдө.
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан жумага карата Кыргызстандагы аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Синоптиктердин божомолуна ылайык, Бишкек шаарында дүйшөмбүдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок шейшембиде мезгил-мезгили менен кар жаайт. Ал эми шаршембиде күн ачылат, андан соң ишембиге чейин маал-маалы менен кар жаап турат.

 Чүй, Талас облустары

28-ноябрда күндүз айрым жерлерде, 29-30-ноябрда жана 1-декабрда көпчүлүк аймактарда жамгыр, кар жаайт. 2-декабрь күнү айрым жерлерде кар жааса, 3-декабрда күн ачылат.

Ош облусу

28-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми 29-ноябрда көпчүлүк аймактарда, 30-ноябрда жана 1-2-декабрда айрым жерлерде кар жаайт. 3-декабрь күнү күн ачык болот.

Жалал-Абад облусу

28-ноябрда күндүз айрым жерлерде, 29-ноябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр, кар жаайт. 30-ноябрь жана 1-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. 2-декабрда айрым жерлерде кар жаап токтойт да, 2-декабрда күн ачылат.

Баткен облусу

28-ноябрда айрым жерлерде жаан, 29-ноябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр, кар жаайт. 30-ноябрда жана 1-2-декабрда айрым жерлерде гана кар жаашы күтүлөт. 3-декабрда жаан-чачын болбойт.

Ысык-Көл облусу

28-ноябрда күн ачык болот. Андан соң 29-ноябрдан 3-декабрга чейин айрым жерлерде кар жаашы болжолдонду.

Нарын облусу

28-ноябрда жаан-чачын болбойт. Бирок 29-ноябрдан 1-2-декабрга чейин айрым аймактарда кар жаайт. 3-декабрда күн ачылат.
Бишкекте кар жааганда бала менен улгайган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2022
Кыштын биринчи айы суук болобу? Декабрга карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0