Темир тосмого кагылып, контейнери түшүп калган айдоочуга кандай чара көрүлдү

© Sputnik / Эркин СадыковТемир тосмого кагылып, контейнери түшүп калган окуя
Темир тосмого кагылып, контейнери түшүп калган окуя - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2022
Жазылуу
Окуя 24-ноябрь күнү 7-Апрель жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бишкекте көпүрөнүн алдына жүктөп бара жаткан контейнери түшүп калган айдоочуга кандай чара көрүлгөнүн Кайгуул милициясынан айтып беришти.
“Жүк ташуучу унаа айып коргоого киргизилип, 5 500 сом айып салынды. Андан тышкары, айдоочу чыгымдын ордун толтуруп бериши керек”, — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, Бишкекте контейнер жүктөгөн КамАЗ көпүрөгө кирип бара жаткан жерде көпүрөнүн алдына орнотулган бийиктикти чектеген темирди талкалап, уратып алган. Окуя 7-Апрель жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Ал жерге автоинспекторлор жана башка муниципалдык кызматтын өкүлдөрү барган.
Бишкек милициясынын Кайгуул кызмат башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, милициянын майору Айбек Жумагулов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2022
Радио
Жумагулов: кырсыктаган айдоочулардын көбү жол эрежесин, белгилерди билбейт
Жаңылыктар түрмөгү
0