28-ноябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте кар жааганда адамдар жолдон өтүп жатышат. Архив
Бишкекте кар жааганда адамдар жолдон өтүп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2022
Жазылуу
28-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаап, тоо этектерине жана тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +2...+7, Таласта +3...+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +10...+15, Ысык-Көлдө +4...+9 жана Нарын облусунда -2...+3 градус болору айтылды.
Күндүн табы борбор калаа Бишкек шаарында +3...+5, ордолуу Ошто +12...+14 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонду.
Карда бульвардан бараткан аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2022
Калың кар жаабайбы? Кыргызстандагы бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0