Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамытов: чакырыктарга туруштук берүү үчүн Орто Азия өлкөлөрү биригиши керек

© Sputnik / Табылды КадырбековКоомдук жана саясий ишмер Токон Мамытов
Коомдук жана саясий ишмер Токон Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2022
Жазылуу
Коомдук жана саясий ишмер Токон Мамытов дүйнөлүк саясатта кескин өзгөрүүлөр күтүлүп, артка кайтпай турган абалга жетип калганын белгиледи.
Глобалдык чакырыктарга туруштук берүү үчүн Орто Азия мамлекеттери биригиши керек. Мындай пикирин Токон Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Мамытов: чакырыктарга туруштук берүү үчүн Орто Азия өлкөлөрү биригиши керек
Анын айтымында, регионалдык державалар дагы Орто Азия мамлекеттеринин биригүүсүнө кызыкдар.
"Дүйнөлүк саясатта артка кайтпай турган абалга жетип, көп жагдайлар өзгөрүүдө. Мурдагы альянстар, биримдиктердин формасы, маңызы, мүнөзү өзгөрөт. Союз тараганда бир полярдуу система калыптанып, Батыш өзүн "биринчи сорт" катары сыпаттап, калгандарын "экинчи, үчүнчү сорттор" деп бөлүп алган. Учурда адамзаттын философиясын, идеологиясын, саясатын өзгөртүү боюнча изденүүлөр болууда. Себеби учурунда туура саясат жүргүзүлбөй дүйнө кризиске кептелүүдө. Ушундай татаал жагдайда Орто Азия мамлекеттери бөлөк-бөлөк болсо дүйнөлүк өнүгүүдөн тыш калышы ыктымал. Ошондуктан алар биригиши керек. Самаркандда коңшу мамлекет саммиттерди уюштуруп жатканынын себеби дагы ушунда. Анткени алардын биринчи президенти биригүү сунушун көп жолу көтөргөн. Казакстандын биринчи президенти дагы демилге көтөргөнү дүйнөлүк коркунучтарга бирге каршы турууга чакырык болчу. Мына ошол процесстер учурда башталууда. Анткени бул беш мамлекет биримдикти ойлонбосо, аларды чачыратууга кызыкдар күчтөр бар. Ошондуктан айрым талаш-тартыштарды компромисс жолу менен чечип биригүүгө далалат жасоо керек. Ошондо глобалдык оюнчулар Орто Азия мамлекеттери менен эсептешүүгө аргасыз болот. Бириккенде ал кандайдыр аскердик блок, уюм же биримдик болбошу керек. Биригүү негизинен экономикалык, социалдык жана саясий багытта болушу шарт. Мындай биригүү региондун таасирдүү мамлекеттери Кытай, Россия, Иран жана Түркия сыяктуу мамлекеттердин кызыкчылыгында. Анткени алар деле региондо стабилдүүлүк болушун каалайт. Себеби Орто Азияда "от тутанса" аларга дагы коркунуч жаратат", — деди Мамытов.
Ошондой эле ал Орто Азия мамлекеттеринин биригүүсү үчүн ортодогу талаш маселелерди тактап алуу зарыл экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0