Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Америкалык саясатчы: Украина АКШны сазга батырып баратат

© AFP / STEFANI REYNOLDSАКШ жана Украина желектери Капитолийдин жанында. Архивдик сүрөт
АКШ жана Украина желектери Капитолийдин жанында. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2022
Жазылуу
Дэвис америкалыктарды мындай маселеде этият болууга чакырып, соцтармактардагы баракчалардан Украинанын желектерин алып, АКШнын кызыкчылыгына туура келген нерселерди ойлоого үндөгөн.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Украина АКШнын бүтпөгөн баш оорусуна айланышы ыктымал. Мындай пикири менен Newsweek басылмасына саясий активист жана сенатка талапкер сунуштоо боюнча мурдагы башкы кеңешчи Майк Дэвис бөлүшкөн.
"Украина саз сыяктуу. Американын бүтпөс баш оорусуна айланат. Байдендин үй-бүлөсү Украинадан миллиондогон долларларды тапкан", — деген ал.
Дэвис АКШ менен Украинанын кызыкчылыгы бири-биринен айырмаланып бара жатканын айтып, бирок Американын коррупциялашкан бийлиги Киев режимин каржылоону уланта берерин белгилеген.
"Украина тарап кесепетин ойлобой Американы Россия менен түздөн-түз кагылышууга түртүшү ыктымал", — деген ал.
Буга Украина аткаминерлеринин Польшага түшкөн ракета боюнча жалган айткандары мисал.
"Украинанын тышкы иштер министри Польшага түшкөн ракета Россияныкы деген маалыматтарды таратып жатты. Бирок биз ал жалган экенин билебиз. Эгер биз айтылгандарга ишенип, Польшага кол салууга байланыштуу бешинчи беренени колдонуп кокустан үчүнчү дүйнөлүк согушту баштап жиберсек кандай болмок эле?" — деген саясатчы.
Дэвис америкалыктарды мындай маселеде этият болууга чакырып, соцтармактардагы баракчалардан Украинанын желектерин алып, АКШнын кызыкчылыгына туура келген нерселерди ойлоого үндөгөн.
Украинаны Куралдуу күчтөр үчүн M777 гаубицасын түшүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Батыш Украинага курал-жарак жөнөтүүдө олуттуу көйгөйгө туш болду
Жаңылыктар түрмөгү
0