Түндө Ысык-Көлдө эки ирет жер титиреди

© AFP / OLIVIER MORINСейсмограф. Архив
Сейсмограф. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2022
Жазылуу
Жер титирөө аймактын 10дон ашык айылында сезилген.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Түндө Ысык-Көлдө эки ирет жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, алгач түнкү саат 3:26лар чамасында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
"Жер титирөө Ак-Суу районунун Ак-Булуң, Совет айылдарында 3,5 балл, Нововознесеновка, Жыргалаң, Боз-Учук, Качыбек, Ак-Булак айылдарында, Түп районунун Сары-Телегей айылында 3 балл, Токтоян, Кең-Суу, Каркыра айылдарында, Ак-Суу районунун Ичке-Жергез, Отрадное айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген", — деп жазылат кабарда.
Саат 4:34 чамасында кайрадан күчү 3 баллга жеткен силкинүү болгону айтылды.
"Ак-Суу районунун Совет айылында 3 балл, Ак-Чий, Ак-Булак, Нововознесеновка, Ак-Булуң айылдарында, Түп районунун Сары-Телегей айылында 2,5 баллга чейин сезилген", — деп жазылат маалыматта.
ӨКМ жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар жана кыйроолор болбогонун кошумчалады.
Индонезиядагы жер титирөөнүн айынан каза болгон баласын көтөрүп бараткан адам - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2022
Индонезиядагы жер титирөө 162 адамдын өмүрүн алды. Көбү балдар
Жаңылыктар түрмөгү
0