"Тарыхый учур": НАТО блогуна жик түштү

© Фото / Ian HouldingНАТО мамлекеттеринин машыгуулары. Архив
НАТО мамлекеттеринин машыгуулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2022
Жазылуу
Польшадагы ракета окуясына берилген баалардын эки ачалыгынан улам "ачык каалгалар" саясатында чоң көйгөй жаралды. Уюмга кошулуу далалаты буга белсенген өлкөлөрдө бир топ убайымга салчудай...
Ал эми жакында жетекчиликтин алмашары союздаштардын ортосундагы түпкү тирештерди да ачыкка чыгарганын белгилейт Ренат Абдуллин. Серепчинин макаласын РИА Новости сайты жарыялаган.

Түркиянын чечими

Швециянын парламенти баш мыйзамына террорчулукка каршы күрөш боюнча кыйла катаал чаралар жөнүндөгү өзгөртүүлөрдү киргизди. Бирок бул өз ыктыяры менен ишке ашырылбаганы да ырас. Түндүк атлантикалык альянска кошулууга ниеттенген эки мамлекетке тең Түркиянын талабы ушундай эле. Анткени Анкара Стокгольмдун күрттөрдү колдоп келгенине нааразы.
Чындап эле алардын коому бул жакта кыйла таасирдүү, ал тургай өкмөттө да өкүлдөрү бар. Финляндияга Түркиянын дооматтары азыраак. Конституцияга өзгөртүүлөр риксдагда (Швециянын 349 орундуу бир палаталык парламенти) 278 добуш менен кабыл алынды. Бирок бир аз үстүртөн, анда "террорчулукка аралашкан же аны колдогон уюмдардын эркиндигин чектеген" мыйзамдар туурасында көрсөтүлгөн. Ошентсе да өткөн аптада премьер-министр Ульф Кристерссон Анкарага иш сапарга барганында бул да олуттуу кадам экенин айткан.
"Швеция террорчулукка каршы күрөштө укук коргоо органдарына көп мүмкүнчүлүктөрдү түзө турган чараларды көрөт", — деген ал Режеп Тайип Эрдоган менен биргеликте өткөргөн басма сөз жыйынында. Өзгөртүүлөр жаңыра турган жылдын алгачкы күнүнөн тарта күчүнө кирет. Ошентип Швеция менен Финляндия дагы күтүүгө аргасыз. Түркиядан сырткары скандинавиялык өтүнмөлөрдү Венгрия да ратификациялай элек.

Будапешт кубаттайбы?

Анкара Швециядан террорчулукка айыпталып жаткан күрттөрдү жөнөтүүнү өтүнсө (алардын экөө депортацияланган, ал эми тизмеде — 73 киши көрсөтүлгөн), Венгриянын талаптары анчейин так эмес. Ал жактагылар Россияга каршы санкцияларга макул эмес, Украинаны гана жактап туруп албайт. Киевге берилчү көп миллиондук транштарды дароо колдобой, өнөктөштөрүнө көп көйгөй жаратып келет.
Финляндия менен Швециянын премьер-министрлери алардын арызын колдоп берүүгө үндөп турушат. Эксперттер Стокгольмдогу оңчул министрлер кабинети Анкара менен жеңил тил табышарын боолголошот. Себеби буга чейинки маселелер солчулдардын убагында чыккан. Кыйыр түрдө муну тышкы иштер министри Тобиас Бильстрем тастыктагандай болду.
Будапешттен да оң жыйынтык чыгат көрүнөт. Премьер-министр Гергели Гуляш ратификациялоо жөнүндөгү документтерди улуттук жыйынга жолдогонун маалымдады. Бирок бул маселе дагы талкууланарын кошумчалаган.
Киев шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
National Interest: Украинадан АКШ менен союздаштарынын көңүлү кайт боло баштады

Молдавиянын жагдайы

Айдын аягында Румынияда НАТОнун саммити өтмөкчү, ага Украина, Грузия жана Молдавия да чакырылган. Киев менен Тбилисиге блокко кошулуу — стратегиялык максат.
Кишиневдуку кыйла татаалыраак. Өлкөнүн конституциясынын 11-беренесине ылайык, "республика туруктуу бейтараптуулукту жар салып", "өз территориясында бөлөк өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн жайгашуусуна жол бербейт".
Анткен менен Молдавия мындан 16 жыл мурун эле НАТО менен "Өнөктөштүктүн жекече планына" кол койгон. Маңызында бул – альянска кошулуу планы. НАТО үчүн кандай мыйзам болбосун, ал түгүл баш мыйзамды өзгөртүүгө да кайыл болушу мүмкүн. Ошентсе да чекитти өзү да орчундуу өзгөрүүлөр алдында турган альянстын жетекчилиги коёт эмеспи.

Лидерлик үчүн күрөш

Альянстын башкы катчысы Йенс Столтенбергдин ыйгарым укуктары бир жылга жетпей аяктайт. Америкалык айрым басылмалардагы маалыматтарга таянсак, бул кызмат үчүн да олуттуу күрөш жүрүүдө.
Вашингтон канадалык 54 жаштагы министр Христи Фриланддын ысымын атоодо. Эске салсак, анын теги Украинадан экени айтылат. Мурдагы журналист, абройлуу америкалык The New York Times басылмасынын репортерунун жубайы, канадалык тышкы иштер министрин аркалап калган. Дипломатиялык тажрыйбасы да мол, беш тилде (англис, француз, итальян, украин жана орус тилинде) сүйлөйт. Анан да аял киши. Азыркы тапта бул – чоң артыкчылык.
Батыш өлкөлөрүндө аялдардын бийликке келишинен кийин (АКШ вице-президенти Камала Харристен Италиянын жаңы премьери Жоржи Мелониге чейин) НАТОдогулар да гендердик теңчиликти кармоону ойлонуп калышты.
Ошол эле учурда Европа биримдиги да өз өкүлүнүн блоктун катчылыгына сунуштоону көздөйт. Акысы бар, анткени НАТОдогу 30 өлкөнүн 21и Европадан. Швеция менен Финляндия менен кошулуп калса, 32ден 23ү аталган континенттен.
Европада да бир нече күчтүү инсандар, анын ичинде аялдар да жок эмес. Эстониянын премьер-министри Кая Каллас, Словакиянын президенти Зузана Чапутова жана Хорватияны 2015-2020-жылдар аралыгында башкарган Колинда Грабар-Китарович да бар. Кезегинде ал НАТОдо башкы катчынын жардамчысы болуп иштеген. Улуу Британия коргоо министри Бен Уоллестин талапкерлигин сунуштап калышы да ажеп эмес.
НАТОнун башкы катчысы формалдуу кызмат катары саналат, анын чечимдеринин баары Вашингтондогу кабинеттерде кабыл алынат. Бирок дал альянстын жетекчиси отуз өлкөнүн ортосунда консенсус үчүн да жооптуу.
Ошол эле Столтенбергди "ачык каалгалар" принцибин жайылтканы, Швеция менен Финляндияны убада кылганы үчүн катуу сынга алышты. Бирок ал баары бир Түркияга таасир эте алган жок. Ал эми НАТОнун биримдигинен аталган аскерий блоктун гана эмес, Украина өңдүү ага кылчактаган мамлекеттердин да келечеги көз каранды экенин белгилей кетели.
НАТОнун Брюсселдеги штаб-квартирасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2022
"Зомби". Кытайда НАТО катуу сынга алынды
Жаңылыктар түрмөгү
0