Жакыным келип турсун деп пенсиясын беришет. Карылар үйүнүн жетекчиси менен маек

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы карыялар жана майып жарандардын социалдык стационарынын жетекчиси Эркингүл Абдылдаева
Бишкек шаарындагы карыялар жана майып жарандардын социалдык стационарынын жетекчиси Эркингүл Абдылдаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2022
Жазылуу
Директор Эркингүл Абдылдаева карыларды караган кызматкерлердин жумушу, андагы жашоочулардын жан дүйнөсүндөгү жарааты жана жакындарынын мамилеси тууралуу айтып берди.
Бишкектин Абай Кунанбаев көчөсүндө сыртынан караганда кадимки мекемелерден айырмаланбаган имарат бар. Жанынан өткөндөрдүн көбү ал имаратта жүздөгөн түрдүү тагдыр ээлеринин турмушу уланып жатканын этибар деле албайт. Бишкектеги улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн социалдык стационардык мекемеде учурда 200дөн ашык адам жашайт, алардын ичинен 21и төшөктө жаткан, тура албаган, майып, кароого муктаж адамдар. Калгандары улгайгандар.
Мекемени көп жылдан бери жетектеп келген Эркингүл Абдылдаева менен баарлаштык. Маектешим мында чыдап иштөө үчүн бир аз мерездик керек деп сөзүн баштады.
— Ушу тапта бул үйдө 200дөн ашык адам жашайт. Карылар жашагандыктан так бир санды айтуу кыйын. Себеби узап кеткендер, кайра жаңы келип жайгашкандар болуп бул сан өзгөрө берет. Аларды тейлөө үчүн санитарлар, медицина кызматкерлери, ашпоздор, жууп-тазалоочу жумушчулар, администрациялык персонал болуп 72 адам иштейт. Ачыгын айтыш керек, жумуш оңой эмес, карылар үйүнө жөн адам келбейт да. Көпчүлүгү — жашоого, балдарына, жакындарына таарынгандар. Келгендер тагдырын айтып беришет, мен өзүм ар биринин өкүнүч, арманын жүрөгүмдөн өткөрөм, кейийм. Бирок бул жерде бир аз мерезирээк болбосоң чыдап иштей албайсың.
Адамдын карыганда кыял-жоругу, мүнөзү өзгөрөт. Анын үстүнө ичинде ызасы бар адамдар. Ачуусу чукул болуп калган, бир нерседен кынтык издеп калышат. Төшөк-жуурканын жууп, полун жууп, тамак-ашын берип жаткандарды алкагандар деле бар дечи, ошол эле учурда жактырбай жемелегендер да болот. Мен дайыма кызматкерлерге "силер ооруканада же мектепте иштеп жаткан жоксуңар. Жашоонун оор кырдаалына тушуккан адамдар менен иштейсиңер, силерге сооп кудайдан кайтат" деп айтып турам. Ушул жылдын апрель айына чейин айлыктары да аз болчу, апрелден тартып, кудайга шүгүр, маяна көбөйүп калды. Кызматкерлер моралдык жактан чарчап кетпеши үчүн тренингдерди өткөрүп турабыз.
© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор Бишкекского социального стационарного учреждения для пожилых граждан Эркингуль Абдылдаева
Директор Бишкекского социального стационарного учреждения для пожилых граждан Эркингуль Абдылдаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2022
— Бул жакка келгендердин көөдөнүндөгү жарасын, санаасын жеңилдетүүнүн, ырбатпоонун жолдору барбы?
— Ооба, биз келген карыны кабыл алууда маектешебиз, психикалык абалына баа беребиз. Андан кийин эмнеге жөндөмү бар экенин сурайбыз. Себеби мында жашагандарды кечке бош койсоң стресси күч алат. Ошол үчүн бул жерде тиккенди, кол өнөрчүлүктү билгендер үчүн өзүнчө бөлмө ачканбыз. Ырдагандардын "Добуш" деген тобу бар, алар анда ырдашат, репетиция кылышат, иш-чараларга катышышат. Атайын китепкана бар, ал жерден китеп, жаңы гезиттерди окушат. Мындан тышкары, экскурсияларга алып чыгып турабыз. Дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасоого да шарттар каралган. Айтор, көпкө бош койбогонго аракет жасайбыз.
— Жакындары келип кабар алып турушабы?
— Зээнди кейиткен бир жагдайды айтып коёюн. Мында жашагандардын жакындары, балдары пенсия учурунда көбүрөөк келип калышат. Карыялар акчасын колуна алышат да, почточу келип таратып кетет. Ошондон кийин эле эмнегедир туугандары да көбүрөөк келе баштайт, бала-бакырасы, тааныш, кошунасы, таяке, жээндери пайда болот. Анан карылар аларга акчаларын беришет. Мен: "Чоң эне, сиз эмнеге небереңизге берип жатасыз? Ал сизди бул жакка тапшырып салбадыбы?" — деп сурайм. Ага чейин "ушинтип үйүмдү, короомду, батиримди небереме же балама өткөрүп бердим эле, ал мени ушинтип салды" деп бүт таарынычын айтып беришет да. Анан биз "эмне үчүн ушундай мамиле жасаган балаңа, небереңе кайра пенсияңды берип жатасың" деп айтабыз. "Мен пенсиямды бербесем келбей коёт да" деп жооп беришет. Жок дегенде пенсия аркылуу ошолорду көрүп турууга аракет кылышат. Пенсия эле эмес, бул жакта кээде биз берген белектерди колдонбой, таттуу, момпосуй таратылса аны да жебей тумбочкасына, жаздыгынын астына катышат. Муну ошолор келсе берем деп турушат.
— Карылар үйүндө көзү өткөндөрдү туугандары алып кетеби? Жерге берүү зыйнаты кандай болот?
— Өкүнүчтүүсү, туугандары келип, алып кеткен күн өтө аз да. Ушу бизге тапшырышса эле өкмөт бакты, өкмөт жерге берсин дегендей милдет кылышат. Кээ бир учурда туугандары алып кетишет. Бул жактан орус болобу, кыргыз болобу, каза болгондо жакындарына кабар беребиз. Көп учурда өзүңөр койгула, биз коштошконго эле барабыз дешет, өкмөттүн эсебинен коюлат. Христиан дининдеги жарандарга БАРУ деген мекеме бар, ошондон табыт, венок бөлүнүп берет. Мусулмандарга кепин берилет. Жаназасын окутуп, бул короодон мусулманчылык шартты кадимкидей аткарып жиберебиз. Мен жетекчиликке келгенге чейин тутунган динине карабай эле окшош көмүшчү экен. Кийиин мусулмандарды мусулманча, христиандарды өз ырым-жырымы менен жерге берүүнү жолго койдум. Анда Чубак Жалилов муфтий болчу, ал кишиге биздеги көйгөйдү айттым. Дароо бир дин кызматкерин кызматташууга бөлүп берген, азыркыга чейин мусулман динин тутунгандар каза болсо чакырабыз, кадимкидей сууга алып, жаназасын окуп, муниципалдык мүрзөгө коюлат.
— Карыларды көрүп кетебиз деген ыктыярчылар көппү?
— Элден айланса болот, андайлар көп эле, баарлашып кетели, сейилдетип келели дешет. Биз аларга ыраазыбыз. Бирок мен келгендерди ылгап турам. Кээси жакшылык кылып жатам деп ойлоп, карыларды кепке тартып сүйлөшүп кетишет. Бирок жаралуу адамдар да, аларга "сени эмнеге бул жакка таштап салды" деген суроону башкачараак берсе болот. Биз адистер алардын жарасын чукубай сүйлөшкөндү билебиз. Эгер улгайган адам өзү каалап айтып берип жатса, анда башка кеп. Баарлашкандар кайра кетишет, а карылар жарасы чукулуп биз менен калышат. Анан ыйлашат, кан басымы көтөрүлөт, абалы начарлайт. Биздин дарыгерлер аларга тынчтандыруучу дарысын берип, йинесин саят. Ошондуктан келген адамдарга биздин жашоочуларга өтө кылдат, өтө аяр мамиле керек деп айтам.
Кары киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2022
Өз үйүмө батпай өгөйлөндүм, карылар үйүнө кетсемби? Кор болгон эркектин муңу
Жаңылыктар түрмөгү
0