Эрдоган АКШны Сириядагы согушкерлерди курал менен камсыздаган деп айыптады

© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүТүркия президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2022
Жазылуу
Эрдоган Барак Обама, Дональд Трамптын убагынан бери келе жаткан "салт" Жо Байдендин доорунда да уланып жатканына нааразы болгон.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. АКШ акыркы жылдары Сириядагы күрд куралдуу топторуна ок-дары жүктөлгөн автоунааларды миңдеп жөнөттү. Бул тууралуу Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын сөзүн келтирген Анадолу басылмасына таянып РИА Новости жазды.
Өлкө башчы Түркиянын НАТО боюнча өнөктөшү террорчулар баш калкалаган аймакка курал-жарак жөнөткөнү нааразы кылып келерин айтып, Барак Обама, Дональд Трамптын убагынан бери келе жаткан "салт" Жо Байдендин доорунда да уланып жатканын сындады. Эрдогандын айтымында, Анкара сириялык маселе тынчын алып жатканын Вашингтонго кабарлаган.
"Мен өзүм Обама менен да, Трамп менен да, Байден менен да жолукканда НАТО боюнча өнөктөш болгондон кийин америкалыктар Сириядагы террорчуларга көрсөтүп жаткан колдоо Түркиянын түштүк чек арасына кооптуулук жаратып жатканын түшүнүшүбүз керек экенин айткам. Зарылдык жаралган учурда жооп кайтарууга аргасыз болорубузду эскерткенбиз", — деди Эрдоган.
Анын айтымында, Америка тараптын Анкарага жооп бере турган эч нерсеси жок.
"Биз Түркиянын улуттук коопсуздугу талап кылган аракеттерди көрө беребиз. Эч кандай чегинүү болбойт! Анткени позициябыздын өзгөрүүсү биздин өлкө үчүн көйгөй туудурат", — деди президент.
Эскерте кетсек, буга чейин Түркиянын Коргоо министрлиги Сирия менен Ирактын түндүгүн байырлаган күрд топторуна каршы аба операциясын баштаганын жар салган. Ведомствонун маалыматы боюнча, террорчулар аталган аймакты Түркияга кол салуу үчүн база катары пайдаланып келет.
Операцияга 13-ноябрь күнү Стамбулда болгон жардыруу себеп экени айтылды. Терактыдан алты киши каза таап, 80 адам ар кандай жаракат алган. Шектүү аял кармалып, Күрдстан жумушчу партиясы менен байланышы бар экенин мойнуна алды. Түркиянын ИИМи теракт жасоо буйругу Кобани шаарынан келгенин, ал эми аткаруучу өлкө аймагына Африн шаары аркылуу өткөнүн кабарлаган.
Белгилей кетсек, Күрдстан жумушчу партиясынын согушкерлери менен каршылашуу Түркияда 1984-жылы башталып, 2015-жылы жанданган. Күрддөрдүн базасы Ирактын түндүгүндө жайгашкан, аларга каршы Түркиянын Куралдуу күчтөрү аскерий операцияларды жүргүзүп келет.
Стамбулда жардыруу болгон жердеги полиция жана тез жадам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2022
Стамбулдагы терактыга тиешеси бар деген 17 шектүү камалды
Жаңылыктар түрмөгү
0