Түркия Сириянын түндүгүндөгү Кобани шаарына сокку урууда. Видео

© AP Photo / SELCAN HACAOGLUТүркиянын аскер учактары
Түркиянын аскер учактары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2022
Жазылуу
Аскерий мекеме Сирия менен Ирактагы күрд топторуна каршы аба операциясы БУУнун уставындагы коргонуу укугуна ылайык жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Түркия Сирия менен Ирактын түндүгүндөгү Күрдстандын жумушчу партиясынын (КЖП) сириялык канатына каршы абадан сокку урууда. Бул тууралуу Анадолу агенттигине таянуу менен РИА Новости билдирди.
"Анкара Сирия менен Ирактын түндүк аймагында жайгашкан КЖПнын террорчулугуна каршы абадан операция жүргүзүп жатат. "Бул жерлер террорчулар тарабынан Түркияга кол салуучу база катары пайдаланылган", — деп айтылат Түркиянын Коргоо министрлиги тараткан маалыматта.
Аскерий мекеме Сирия менен Ирактагы күрд топторуна каршы аба операциясы БУУнун уставындагы коргонуу укугуна ылайык жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Буга чейин күрддөрдүн "Сирия демократиялык күчтөрүнүн" (SDF) өкүлү Фархад Шами Түркия Сириянын түндүгүндөгү чек арага жакын Кобани шаарына сокку уруп жатканын, бул калаа SDF көзөмөлүндө экенин билдирген.
Түркия ИИМинин башчысы Сулейман Сойлу Стамбулдун борборундагы теракт жасоого буйрук Кобаниден түшүп, ал эми аткаруучу Түркия аймагына Африн шаары аркылуу кирген деген шектенүүсүн айткан. Бир жума мурун Стамбулдун чок ортосундагы Истикляль көчөсүндө жарылуу болуп, алты кишинин өмүрүн алган, дагы 81 адамдын жарадар болгону айтылган. Терактыга шектүү келин кармалып, Күрдстандын жумушчу партиясы менен байланышы бар экенин мойнуна алган.
Стамбулдун борборунда жарылуу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2022
Стамбулда теракт жасоого айыпталган аялды кармаган видео жарыяланды
Жаңылыктар түрмөгү
0