Ысык-Көлдө апта башында кар жаайт. Бир жумага карата аба ырайы

© Фото / Азамат АйтбаевЖети-Өгүз капчыгайы. Архив
Жети-Өгүз капчыгайы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2022
Жазылуу
26-27-ноябрда абанын температурасы 0…5 градуска чейин төмөдөшү мүмкүн.
БИШКЕК, 21-ноя.— Sputnik. Ысык-Көл облусунда жуманын башында жамгыр, кар жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Синоптиктердин божомолу боюнча, дүйшөмбүдөн 23-ноябрга чейин Көлдүн көпчүлүк аймактарына кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы бул күндөрү 2...7 градусту көрсөтөт.
23-25-ноябрга чейин күн ачык болору айтылды. 25-ноябрь күндүз жана 26-27-ноябрда облуска кайра кар жаап, абанын температурасы 0…5 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.
Бишкекте жааган кардан кийин көп кабаттуу үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2022
Катуу суук түшпөйбү? Бир жумага карата Кыргызстандагы аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0