Казакстандагы президенттик шайлоо. Токаев куттуктоолорду кабыл ала баштады

© AP Photo / Kazakhstan's President Press OfficeКазакстан президенти Касым-Жомарт Токаев президенттик шайлоо учурунда
Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев президенттик шайлоо учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2022
Жазылуу
Назарбаев да Токаевди жеңиши менен куттуктап, анын баштаган ири реформаларына токтолгон.
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Республикалык коомдук штабда президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен таанышты.
Sputnik Казакстан жазгандай, үч башка уюм жүргүзгөн сурамжылоонун (exit-poll) жыйынтыгы боюнча, шайлоодо Токаев 80 пайыздан ашык добуш алган.
Буга байланыштуу Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Касым-Жомарт Токаевди мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо жеңиши менен куттуктап, мындай жыйынтыкка ал калк арасындагы жогорку кадыр-баркы менен жеткенин белгилеген. Ошондой эле бул жеңиш Токаев баштаган ири реформаларга элдин ишеничинен кабар бере турганын айткан.
Белгилей кетсек, Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо кечээ, 20-ноябрда, өттү. Анын жыйынтыгын БШК жети күндүн аралыгында чыгарып, жаңы президентти катташы керек. Эскерте кетсек, коңшу өлкөнүн президенттигине алты адам ат салышты. Алардын арасында өлкөнүн азыркы лидери Касым-Жомарт Токаев да болду.
Казакстандагы президенттик шайлоодо добуш берип жаткан аял - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2022
Кыргызстан менен Казакстандагы президенттик шайлоонун 7 айырмасы
Жаңылыктар түрмөгү
0