Жаңы жылда кыргызстандыктар канча күн эс алат? Министрликтин сунушу

© AFP / Vyacheslav OSELEDKOБишкектеги башкы жаңы жылдык балаты. Архив
Бишкектеги башкы жаңы жылдык балаты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2022
Жазылуу
Министрлик майрамдан кийин сегиз күн эс алууну сунуштап жатат.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги министрлер кабинетинин "2023-жылдагы дем алыш күндөрүн жылдыруу жөнүндөгү" токтом долбоорун коомдук талкууга койду.
Министрлик жаңы жылда 1-январдан 8-январга чейин эс алуу күндөрү кылууну сунуштоодо:
1-январь жекшемби күнгө туш келгендиктен, 2-январь да дем алыш күнү болот;
Кыргызстандыктар 3-январдын ордуна 9-январда (дүйшөмбүдө) иштейт, бул күн Рождествонун (7-январь) урматына эс алуу күнү болуш керек болчу;
4-январдын ордуна 25-февраль иш күнү болот;
5-январдагы эс алуунун ордуна 11-март иш күнү деп саналат;
6-январдын ордуна кыргызстандыктар 25-мартта, ишембиде иштешет;
7-8-январь — ишемби, жекшемби күндөрү.
Бишкектин Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2022
Кыргызстандыктар 2023-жылдын кайсы айында көп эс алат? Өкмөттүн долбоору
Жаңылыктар түрмөгү
0