Кыргызстандыктар 2023-жылдын кайсы айында көп эс алат? Өкмөттүн долбоору

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүБишкектин Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамы. Архив
Бишкектин Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2022
Жазылуу
Сунушталган график жумасына беш күн иштеген мекемелерге тиешелүү.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинети 2023-жылдагы эс алуу күндөрүнүн графигин жарыялады.
Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги токтом долбоорун даярдады.
Эгер ал кабыл алынса кыргызстандыктар Жаңы жылдан кийин 8 күн катары менен эс алат:
1-январь жекшемби болгондуктан 2-январь эс алуу күнгө өтөт;
Рождество майрамынын (7-январь) ордуна эс алуу боло турган 9-январдагы дем алыш 3-январга которулат;
4-январдын ордуна 25-февраль (ишемби) жумуш күнү болот;
5-январдагы иш күнү 11-март (ишемби) менен алмашат;
6-январдын ордуна 25-март (ишемби) жумуш күн;
7-8-январь — ишемби жана жекшемби.
Нооруз майрамына карата төрт күн эс алуу:
18-19-март — ишемби жана жекшемби;
20-март (дүйшөмбү) 29-апрелге (ишемби) жылдырылат;
21-март — Нооруз майрамы.
Май айында эл 5 күн катары менен эс алышы мүмкүн:
5-май — Конституция күнү;
6-7-май — ишемби, жекшемби;
8-май (дүйшөмбү) 13-майга (ишемби) жылдырылат;
9-май (шейшемби) — Жеңиш майрамы.
Ноябрда беш күн эс алуу сунушталууда:
4-5-ноябрь – ишемби, жекшемби;
6-ноябрь (дүйшөмбү) 11-ноябрга (ишемби) жылдырылат;
7-8-ноябрь— Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү.
Бул беш күндүк иш графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекеме жана ишканалардын кызматкерлерине тиешелүү.
Бишкекте кар жааганда бала менен улгайган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2022
Кыштын биринчи айы суук болобу? Декабрга карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0