Алдыдагы аптада Чүйдө аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүПарктагы клен жалбырактары. Архив
Парктагы клен жалбырактары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2022
Жазылуу
Жума ичинде абанын күндүзгү температурасы 5-10 градустун тегерегинде болот.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги Чүй облусунда алдыдагы аптага карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Жума ичинде абанын күндүзгү температурасы 5-10 градустун тегерегинде болот.
20-ноябрда айрым жерлерде, 21-22-ноябрда көпчүлүк аймактарга жамгыр, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар жаайт.
23-ноябрда айрым жерлерде жамгыр жаашы күтүлөт, 24-ноябрда күначык болот.
25-ноябрда айрым жерлерге жамгыр жаап, тоолорго кар түшсө, 26-ноябрда күн кайра ачылат.
Бишкектеги башкы жаңы жылдык балаты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2022
Жаңы жылда кыргызстандыктар канча күн эс алат? Министрликтин сунушу
Жаңылыктар түрмөгү
0