ИИМ кыргызстандыктарды соцтармакта чагымчыл маалыматтарды таратпоого чакырды

© AFP / ISSOUF SANOGOСмартфон жана ноутбук. Архив
Смартфон жана ноутбук. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2022
Жазылуу
Министрлик коомдук тартипти бузууга байланышкан жагдайлар болгон учурда да мыйзам чегинде чаралар көрүлөрүн кошумчалаган.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Ички иштер министрлиги кыргызстандыктарды социалдык тармактарда расалык, этностук¸ улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга үндөгөн чагымчыл маалыматтарды жарыялап таратпоого чакырып, мындай адамдар жоопкерчиликке тартыларын эскертти.
"ИИМ жана анын бөлүктөрү мындай чагымчыл материалдарды тараткандарды аныктоо боюнча иштеп жатат. Акыркы күндөрү социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутууга түрткөн билдирмелер активдүү жарыяланууда. Учурда өлкөдө коомдук-саясий абал туруктуу. Күч түзүмдөрү коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди жогорку деңгээлде жүргүзүүдө. Кокус мындай фактылар аныкталып калса, ал адам Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу") боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылат", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик коомдук тартипти бузууга байланышкан жагдайлар болгон учурда да мыйзам чегинде чаралар көрүлөрүн кошумчалаган.
Кыргызстандын Жер ресурстары кызматынын директору Абдулат Мырзаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2022
Өзүнүкүн туура дейт да... Өкмөт өкүлү премьер Ариповдун сөзүнө терикпөөгө чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0