Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Жыл башынан бери Кыргызстанга канча турист келди? Статистика

© Sputnik / Акылбек БатырбековЫсык-Көлдөгү пансионаттын пляжы. Архив
Ысык-Көлдөгү пансионаттын пляжы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2022
Жазылуу
Туризм департаменти бул жааттагы инфраструктураны жакшыртууга багытталган 20дай долбоорду ишке ашырууда.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. 2022-жыл жаңыргандан тарта тогуз айдын ичинде Кыргызстанга беш миллиондой турист келди. Бул тууралуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Брифингде департаменттин 2023-жылга пландары жана жайкы туристтик сезон тууралуу кеп болгон.
Аткаминердин айтымында, коронавирус пандемиясынан кийин бул тармакта жумуш бир аз солгундап кеткен. Эки жылдан бери Кыргызстандын туризм сектору акырындык менен калыбына келип жатат.
© Sputnik / Асель АкматЗаместитель директора Департамента туризма Кыял Кенжематова
Заместитель директора Департамента туризма Кыял Кенжематова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2022
"Биз азыр туризм секторун 2019-жылдагы абалга алып келүүгө аракет кылып жатабыз. Быйыл жумуш жакшы болуп, жемиштүү жыйынтык алдык. Комплекстүү иштердин натыйжасын көрүп жатабыз. 2022-жыл аталган тармакты кайра калыбына келтирип, өнүктүрүүдө эң ийгиликтүү жылдардын бири болду деп ишенимдүү түрдө айта алам. Тогуз айда Кыргызстанга алты миллиондон ашык саякаттаган адам келген. Биз алардын ичинен канчасы эл аралык классификациядагы туристтер экенин да санап көрүп, 4 миллион 993 миң деген санды алдык. Тагыраагы, беш миллиондой турист Кыргызстанга эс алып, саякаттоо үчүн келген", — деген ал.
Кенжематованын айтымында, Туризм департаменти бул жаатта 20дай долбоорду ишке ашырууда. Анын баары туристтик инфраструктураны жакшыртууга багытталган.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, Туризм департаментинин директору Самат Шатманов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2022
Радио
Шатманов: Кыргызстан кышкы туристтик сезонго даяр
Жаңылыктар түрмөгү
0