Этнограф: адамзатка ишеничин жоготчу деңгээлге жеткире сындап калдык
Жазылуу
Этнограф, тарых илимдеринин доктору Октябрь Капалбаев кыргызда бардык нерсенин наркы болгонун айтты.
Мамлекет түзүү үчүн кандайдыр бир эрежелер керек. Аны бир адам алып туруп эле киргизип койсо сиңбейт, иштеп кете албайт. Мындай эрежелер адатта мезгилдин өтүшү менен, калктын өзү улам жонуп отуруп, күнүмдүк жашоосунан алып отуруп иштеп чыгат. Бул тууралуу Октябрь Капалбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып баяндады.
Этнограф: адамзатка ишеничин жоготчу деңгээлге жеткире сындап калдык
Анын айтымында, кыргыздардын жазылбаган мыйзамдарына ылайык, муундар кагылышы болгон эмес.
"Өзүбүздү өзүбүз улуу элбиз деп мактабайлычы деп айрым учурда нааразычылыктар айтылып калат. Бирок биз азыркы кыргыздарды эмес, ата-бабаларыбыздын улуулугун айта жүргөнүбүз, кийинки муунга жеткиргенибиз туура болор. Кыргыз чынында жазылбаган мыйзамдарын бекем сактап, аларды макал-лакаптар менен элге жайылтып жашап келген. Макалдар жөн эле сөз уйкаштыгы катары пайда болуп калган эмес. Ал чебер устанын колунан чыккан кынтыксыз аспаптай мезгилдин өтүшү менен, калктын өзү жонуп отуруп, бардык тарабынан төп келишкен маанини туюндуруп калганда гана жашоосуна киргизип, айта жүрүшкөн. Кыргыз сөзгө мына ушундай баа берген. Ар бир нерсенин наркы болгон. Кыз наркы, ата наркы, той наркы, деги койчу, жандуунун да, жансыздын да наркы болгон. Наркты бузуу бул адамга ошол коомдон чыгуу, токтоосуз иштеп турган бир механизмди бузууга тете болгон. Ошол үчүн кыргыз ар бир сөзүн ойлонуп сүйлөгөн. Мисалы, "улууга урмат, кичүүгө ызат" деген. Бул кичүүнү ызалаба, ал жашоодон тажрыйба топтой элек, ката кетирсе кечиримдүү, аны өстүр, сөзүң менен канат бер, колдо дегенди түшүндүрөт. Болбосо "атадан артык уул болбосо заман бузулат" деп коюшкан. Бул коом өзгөрүүсү менен уулдар атадан айырмаланып, жакшы жагына өзгөргөн, ошол коомдун өзөгүн түзгөн уулдардын пайда болушу шарт дегенди туюндурат. Айтор, мындай макалдар көп. Азыркы кыргыз, тилекке каршы, нарк маселесин, макалдын ордун түшүнбөй калды. Ыксыз же туура эмес колдонуп, бири-бирин адамзатка болгон ишеничин жоготкон деңгээлге жеткире сындап, жаштарды өстүрбөй эле шаабайын суутуп, көңүлүн көтөрүлгүс кылып чөгөрүп койгонго жеткирип, ойлонбой сүйлөп калдык", — деди Капалбаев.
Ал муундар ортосунда, мамлекеттик башкарууда, деги эле жашоодо ынтымак жана биримдик болушу үчүн сүйлөнгөн сөздөргө маани берилиши зарылдыгын кошумчалады.