Өлкөдөгү жолдорду оңдоп-түзөөгө унаа ээлеринен акча топтоо сунушталууда

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин жолдорунда автоунаалар. Архив
Бишкектин жолдорунда автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2022
Жазылуу
Мыйзам долбоорунун авторлору мындай сунушту өлкөдө унаалар көбөйгөн сайын жолдор талкаланып жаткандыгы менен түшүндүргөн. Мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражат жолдорду оңдоого жетишсиз экендиги белгиленген.
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы жолдорду оңдоп-түзөө жана аны ошол абалында сактоо үчүн айдоочулардан акча топтоо сунушталууда. Экономика жана коммерция министрлиги "Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү" КР Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.
Документте жылдан жылга өлкөдө автоунаалардын саны көбөйүп, мындан улам жолдор талкаланып жатканы белгиленген.
"Жол фонду түзүлгөнү менен талкаланган жолдорду оңдоого андагы каражат жетишсиз болууда. Унаа жолдорду кадимкисиндей сактап туруу үчүн жылына 10 миллиард сом керектелет. Ал эми республикалык бюджеттен эки миллиард сомго жакын акча бөлүнөт, бул бир чакырым жолго 100 сом дегенди билдирет. Мындай сумма таптакыр эле жетишсиз", — деп жазылган документте.
Ушуга байланыштуу унаа ээлеринен акча чогултуу жолу менен буга чейин курулган жолдорду нормада кармоо жана жаңы жолдорду курууга шарт түзүүнү камсыздаган мыйзам-укуктук негиздерди киргизүү зарыл экендиги белгиленди. Тактап айтканда, анда төмөнкүлөр каралат:
жолдорду оңдоп-түзөөгө жана аларды жакшы абалда кармоого каражат топтоо;
автоунаалардын дөңгөлөктөрүн, анын ичинде мурда колдонулган дөңгөлөктөрдү утилизациялоого каражат топтоо;
транспорт каражаттарынын жарактан чыккан тетиктерин, иштетилген майларды утилизациялоо.
"Жолдорду оңдоо жана аны жакшы абалда кармоо үчүн каражат айдоочулар унаасына куйган күйүүчү майдын ар бир литрине аныкталган бир сумманы алуу менен топтолот. Мында "ким унаа менен көп жүрсө, ал ошончо көп төлөйт" деген принципти колдонгон өлкөлөрдүн практикасы пайдаланылат жана баары сапаттуу жолдо жүрүшөт", — деп жазылган документте.
Ошондой эле жол оңдоого каражат топтоо/ күйүүчү майга салык Казакстанда, Беларуста, Азербайжанда, Грузияда жана башка өлкөлөрдө колдонулат. Акча топтоо тартиби, анын суммасы министрлер кабинетинин токтому менен бекитилет.
Документте утилизация иштерине каражат эмне үчүн керек экендиги түшүндүрүлгөн.
"Автоунаалардын эски дөңгөлөктөрү — экологдор үчүн чоң көйгөй. Алар кайра иштетилбейт дагы, утилизацияланбайт дагы. Айдоочулар аны гаражына үйүп алышат же таштанды полигонуна алып барып таштоого аргасыз болушат, мындай абал экологияга зыян. Бишкектин көптөгөн жашоочулары дөңгөлөктү үй же мончолорду жылытууга колдонушат. Дөңгөлөктү отко жакканда андан күкүрт, бензопирен, фуран, диоксиндер жана башка канцерогендик кошулмалар абага чыгат. Бул чыгындылар Чүй облусунун тургундарын ууландырып, Бишкектин үстүндө болсо дайыма кара туман турат", — дешкен долбоордун авторлору.
Өлкөдө мотор майларынын унаадан сыртка агып чыгышы да буга чейин эске алынбай келген. Болжолдуу маалыматтар боюнча, Бишкектин өзүндө эле унаалардын картерлеринен жыл сайын 20 тоннадан аз эмес иштетилген май агат. Мыйзам долбоору кабыл алынып калса, унаа ээлеринен топтолгон каражат Жол фондуна которулары кошумчаланган.
Carcheck сервиси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2022
Акы төлөп көрөсүң. ИИМ Carcheck сервисиндеги кызматтарды өзгөртүүгө белсенди
Жаңылыктар түрмөгү
0