Байденге импичмент жарыяланабы? "Ээрден оогондо" асыла турган маал

© AFP / SAUL LOEBАКШ президенти Жо Байден
АКШ президенти Жо Байден  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2022
Жазылуу
Кошмо Штаттардагы шайлоо аралык шайлоо дагы аяктай элек, бирок америкалыктар 8-ноябрдан кийинки өлкөнүн тагдыры эмне болоруна тынчсыздана башташты.
Сурамжылоолордун жыйынтыктарынын баары азырынча республикачылардан талапкерлер конгресске арбын өтүп, ишенимдүү көпчүлүктү түзүүгө тийиш экенин айгинелеп турат. Сенатты алардын жетектеп калышы да ажеп эмес.
Ооба, демократтар 2020-жылдагы ыкмаларын пайдаланып, кайрадан шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого тырышары айдан ачык. Бирок бул ого эле кооптуу экенин белгилейт серепчи Виктория Никифорова. Анын АКШдагы азыркы саясий абалга арналган кезектеги макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Алданып калган калктын каары өлкөдөгү башкаруу тутумун тактыдан шыпырып түшүшү да мүмкүн. Эгер шайлоо аздыр-көптүр ачык жана таза өтсө, анда республикачылардын тагдыры белгилүү. Алар конгрессте көп добуш алышса, эмне менен алектенишет? Мында республикачыларга добуш берген элдин маанайын түшүнүүгө болот. Алар азыр алданып калган аманатчылардай абалда. Эки жыл оболу алар шайлоо тилкелерине келип, Трампка – салтка айланган консервативдик мораль, жай турмуш жана жыргалчылык үчүн добуш беришкен.
Бирок кайдан-жайдан эле президенттик тактыда Жо Байден пайда болуп, анын артынан Демократиялык партиянын күн тартиби орноп калган. Анын натыйжасында учурда согуш, дүйнөнүн булуң-бурчундагы ийгиликсиз, державаны уятка калтырган операциялар, ашынган инфляция, асмандап бараткан баалар, казынаны улам бөксөртүп отурган пенсиялык топтоолор, элдин болуп көрбөгөндөй жакырланышы, америкалык бюджетти он миллиарддаган долларга эңшерип жаткан түшүнүксүз Украина, баланын жынысын бала бакчада эле өзгөртүп койчудай пропаганда менен коштолгон эксперименттерге бүтүндөй дүйнө күбө.
Ошол шайлоочулар эки жыл бою АКШны мыйзамсыз президенти деп эсептеген кишинин башкаруусунда жашап келишти. Эми республикачылардын шайлоочулары анын тактан кетишин талап кылышууда. Joe must go — "Жо кетиши керек" деген ураан ушул тапта миллиондогон америкалыктардын башын бириктирип турат.
Дүйнөнүн эң алдыңкы экономикасын Байдендин администрациясы талкалап бүтүрүп, Улуу депрессиядан да кооптуу абалга кептеп туру. Американын көчөлөрүн соңку жарым жылда болуп көрбөгөндөй талап-тоноо, ок атуу, зордуктоо, киши өлтүрүүлөр ээледи. Криминал дээрлик Мексика менен чек ара аркылуу күчтөнүүдө. Ак үй аны көзөмөлдөгүсү жок, ал аркылуу өлкөгө жүз миңдеген мыйзамсыз мигранттар эч тоскоолсуз кирүүдө. Арасында кудайдан жөө качкан кылмышкерлер, маңзат сатуучулар же наар алуу үчүн киши өлтүрүүдөн кайра тартпаган ач адамдар да жок эмес.
Дал Байдендин тушунда гүлдөп турган демократиялык Калифорниянын тургундары жапырт Мексикага жер которууда. Ал жакта ижара акысы, азык-түлүк, медицина, айтор, баары кыйла арзан.
Маңзаттын ашыкча өлчөмүнөн каза тапкандардын саны да көп жылдык рекордду кагууда. Буга маалымат каражаттарынын баарынан маңзатты пропагандалоо гана эмес, башкаруучу Демпартиянын режими жараткан кооптонуулар да себеп. Эртеңкиге ишеним үлбүл жанат.
Мамлекеттик думанын төрагасы Вячеслав Володин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2022
Мамдуманын төрагасы: Россия АКШдагы шайлоого кийлигишкен жок
АКШнын стратегиялык мунай корунан да четинен кертип жаткандары америкалыктарды тынчсыздандырат. Байден аны бензиндин баасын ооздуктоо үчүн сарптоодо. Мындай тейде жакында Америка резервинен куру калат.
Жо Байденге импичмент тууралуу алгачкы сунуш конгресстеги Маржори Тейлор Грин былтыр 21-январда, тагыраагы, президенттин биринчи иш күнүндө эле берген. Албетте, Демократиялык партиянын көзөмөлүндөгү конгресс парламентарийдин резолюциясын караган да эмес.
Анткен менен республикачылар оңолуп кеткен жок. Өлкө лидерине ишеним көрсөтпөө боюнча сунуштар былтыр августта (АКШ аскерлеринин Афганистандан качары менен) да, кийин сентябрь, октябрда да түшкөн. Эми республикачылар Байденге да, вице-президент Камала Харриске да импичмент жарыялоону көздөп туру. Бирок АКШ конгрессиндеги республикачылардын бири Кевин Маккарти азырынча бул демилгени ачык колдоодон качууда.
Ошентсе да Маккартиге партиялаштары, 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышууну кыйытып жаткан лидери — Дональд Трамп да бул багытта кысым көрсөтүп жаткандай. Кандайдыр формалдуу макамы жоктугуна карабастан ал – АКШнын эң таасирдүү саясатчыларынын бири. "Трамптын каалаганы эмне?" — деп суроо салат The Atlantic демократиялык журналынын кабарчысы. "Трамп баарын жана ар бирине импичмент жарыялоону көздөйт", — деп жооп кайтарат Дональддын партиялаштарынын бири.
Республикачылар Жо Байденге каршы уулу Хантерге "сокку урушмакчы". Айтылуу ноутбукта ага карата компроматтар толтура. Хантердин андагы кат алышууларынан украиналык Burisma компаниясынын директорлор кеңешине киргизгени ачык байкалат. Бирок мындай айыптоолорго Демпартиянын өкүлдөрү: "Анда далилдеп бергиле!" – деп кыжырдана жооп беришет.
АКШда импичмент жарыялоонун жол-жобосу төмөнкүчө: адегенде конгрессте добуш беришет. Эгер ал кабыл алынса, иш АКШнын сенатына өткөрүлөт. Ал эми президентти соттук угуулар күтөт. Президентти ага тагылган айыптоолордун жок дегенде бирине күнөөлүү деп табуу үчүн кеминде 67 сенатордун макулдугу зарыл.
Эгер республикачылар сенатта көпчүлүктү түзө алышса, алардын Байденди кетирип тынары ажеп эмес. Бирок ага жетишерлик добуш ала алышпаса, импичмент планынан майнап чыкпайт.
Анткен менен америкалык сенаттагы ишти айтып болбойт, сенаторлор абийирине эмес, башка мотивдерге таянып добуш беришет. Маселен, АКШнын 42-президенти Билл Клинтондун күнөөлөрү далилденген учурда да сенаторлор, баса арасында Жо Байден да бар эле, америкалык лидер "жазыксыз" деп добуш беришкен. Бир силкинип алып, Клинтон андан ары өлкөнү башкаруусун уланта берген.
Негизи америкалык Конституцияда президенттин ыктыярдуу түрдө кызматын тапшыруу жолу да каралган. Кырдаалдан "кургак" чыгып кетүү үчүн балким Жо Байденге бул жападан жалгыз жолдур... Бирок Демпартия өзүнүн аксакалын акырына чейин коргоп калууга даяр.
Импичментке альтернатива катары республикачыл активисттер интеллектуалдык жөндөмгө тест тапшырууну сунушташууда. Өлкөнү башкарып кете аларын тастыкташ үчүн Байден аны тапшырууга тийиш.
Шайлоо жыйынтыкталган соң "ээрден кыйшайып калган" лидерге асылмай маал башталат. АКШ президентин жаңы сыноолор күтөт. Аксакалды жайына эле коюшса болмок деп аяп да кетесиң...
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2022
Трамп АКШнын Байденге дагы эки жыл чыдаарынан күмөн санады
Жаңылыктар түрмөгү
0