АКШ конгрессине шайлоо. Алдыда республикачылар келе жатканы божомолдонууда

© AP Photo / Cliff OwenВашингтондогу АКШнын Капитолий. Архив
Вашингтондогу АКШнын Капитолий. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2022
Жазылуу
Телеканалдын эсептөөсү боюнча, Республикачылар партиясынын талапкерлери өкүлдөр палатасынан 105 орун алган.
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. CNN телеканалынын алдын ала божомолу боюнча, АКШда конгресстин орто мөөнөттүү шайлоосунда республикачылар демократтардан озуп, сенатка шайлоодо да алдыга чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Телеканалдын эсептөөсүнө таянсак, Республикачылар партиясынын талапкерлери өкүлдөр палатасынан 105 орун алган. Ал эми президент Жо Байдендин партиялаштары болгон демократтарга 57 орун тийген. Палатаны көзөмөлдөө үчүн бир партия 435 орундан 218ди алышы керек.
New York Times божомолуна таянсак, Өкүлдөр палатасына кайра шайлангандардын арасында республикачыл Марджори Тейлор Грин бар. Ал АКШнын азыркы президенти Жо Байденге импичмент жарыялоо боюнча резолюциялардын автору жана мурдагы президент Дональд Трамптын тарапташы.
Сенатта республикачыларда 39, демократтарда 38 орун бар. Көпчүлүктү алуу үчүн оппозицияга 51 орун, башкаруучу партияга 50 орун керек.
Алдыңкы ЖМКлардын божомолу боюнча, сенатка республикачы Рэнд Пол да өтөт. Буга чейин ал Украинага 40 миллиард доллар жардам бөлүү боюнча мыйзам долбоорунун кабыл алынышына жана НАТОнун кеңейишине каршы болгон.
8-ноябрда АКШда конгресске шайлоо өтүп, сенаттын үчтөн бир бөлүгү да кайра шайланууда. Учурда эки палатада тең демократтар көптүк кылат. Сурамжылоолорго таянсак, ийгилик республикачылар тарапта.
Буга чейин аналитиктер кокус Вашингтондо 8-ноябрда болчу шайлоодо республикачылар жеңишке жетсе, АКШнын Украинага болгон саясаты өзгөрүп, Киевге финансылык жардам алда канча кыскара турганын айткан.
Мамлекеттик думанын төрагасы Вячеслав Володин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2022
Мамдуманын төрагасы: Россия АКШдагы шайлоого кийлигишкен жок
Жаңылыктар түрмөгү
0