7-ноябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Кирилл Шипицин / Медиабанкка өтүүТоолуу дарыя. Архивдик сүрөт
Тоолуу дарыя. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2022
Жазылуу
7-ноябрга караган түнү Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көлдүн тоолуу райондорунда кар жаайт.
БИШКЕК, 06-ноя. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +12...+17, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көл менен Нарын аймагында +8...+13 градус болору айтылды.
Бул күнү Бишкекте күндүн экинчи жарымында жамгыр жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбордо +15...+17, Ош калаасында +13...+15 градусту көрсөтөт.
Паркта кар жааганда адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2022
Ноябрь айындагы аба ырайы. Кыргызгидрометтин божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0