Таласка кар түшөбү? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүДарактын кар баскан жалбырактары. Архив
Дарактын кар баскан жалбырактары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2022
Жазылуу
Абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн -2...-4 градуска чейин муздайт.
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Талас облусунда аба ырайы кандай болорун божомолдоду.
Эртең Таласта жаан-чачын күтүлбөйт. 7-ноябрдан тарта күндүн көзү бузулуп, көпчүлүк аймактарда жамгыр жаай турганы айтылды. 8-9-ноябрда дагы жамгыр, тоолуу аймактарга кар түшүп, күн сууктайт. 10-12-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 7-ноябрда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал. Абанын температурасы 8-ноябрдан тарта төмөндөп, 9-ноябрда күндүз 0...+2 градус болот.
Адам кофе жасап жаткан учурда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2022
Кофени кайсы учурда ичүүгө болбойт? Адистин кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0