Жапаров: депутаттар Кумтөрдүн алтыны уурдалып-уурдалбаганын текшерип келсин

© Sputnik / Акылбек БатырбековКумтөр алтын кени. Архив
Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2022
Жазылуу
Президент Кыргызстандын тарыхында чогулбаган алтын бүгүн чогулуп, Улуттук банкта сакталып турганын белгилеген.
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, анда эмне себептен Кумтөрдүн ишин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүү демилгесин көтөргөнүн түшүндүрдү.
"Айрым ою бузуктар, бир депутатыбыз шек санап, "Жапаровдор алтын уурдап жатат, 19 тонна алтын жоголуптур" деп жалаа жабууга аракет кыла баштаганда өзүм демилге көтөрүп, "депутаттардан турган комиссия түзгүлө" деп эл өкүлдөрүнөн сурандым. Комиссиянын курамына жарандык коомдун өкүлдөрүн да кошуп алууну өтүндүм. Комиссиянын төрагасы кылып Мадумаровду шайлап бергиле десем ал макул болбой койгонбу, айтор, Исхак Масалиев комиссиянын төрагасы болуптур. Мейли, кимиси болсо да Кумтөргө барып, ийне-жибине чейин текшерип, анан элге жарыя кылышсын. Канча алтын казылып, кайда сатылыптыр, канчасы Улуттук банкта сакталуу экен, уурдалыптырбы же уурдалбаптырбы баарын айтып беришсин. Кыргызстандын тарыхында чогулбаган алтын бүгүн чогулуп, Улуттук банкта сакталып турат. Өз көздөрү менен көрүп келсин", — деген президент.
Мамлекет башчы Кумтөрдүн ишине туугандарын аралаштырбай, баарын Теңиз Бөлтүрүккө өткөрүп бергенин кошумчалады.
"Кумтөрдү" кайтарып алган күнү эле тааныш-билиштер "жумушка киргизип койгула" деп эшик кага башташты. Мен бардык туугандарымды чогултуп "Кумтөргө жолобогула, бир дагы кишини жумушка киргизбегиле. Кийин ар кандай болуп алтын кен иштебей калса, силер адис эмес адамдарды киргизип жатып, иштете албай калдым" деген сөзү болот" деп айттым. Мындан улам бүт укук, жоопкерчиликти Теңиз мырзанын өзүнө бергем. Ошол күндөн бери бир дагы жакын тууганым Кумтөр менен иш кылбайт. Теңиз Бөлтүрүккө "бул жакты чет мамлекеттерде жеке менчик ишкананы башкарып жүргөндөй башкарбаңыз. Кумтөр мамлекеттик ишкана болот. Каражатты оң-солго чачпаңыз. Мамлекеттин укуругу узун. Бир сомдун артынан издеп барат. Буга чейин Кумтөрдөн жеп келгендердин оозун тигиңиз, өзүңүз да уурдабаңыз, таза иштеңиз" деп башынан эле айтып, бир да тыйынына кийлигишкен эмесмин", — деди Жапаров.
Өлкө башчы Теңиз Бөлтүрүк жасаган бардык ишине жооп бериш үчүн камалганын айткан.
"Аны "качып кетпесин, сатып алуулар боюнча эмне үчүн базар баасынан жогорку бааларды коюп дизель отунун сатып алышты, баарына жооп берсин" деп камап койдук да. Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ тарабынан жалпысы 15тей тергөөчүдөн турган топ түзүлгөн. Азыр тергөө амалдары жүрүп, бардык маселелер боюнча текшерип жатышат. Тергөө иштери бүтсүн. Канча чыгым алып келишкени аныкталсын. Чыгымды ордуна койсун. Бизде принцип ушундай. Андан кийин көрөбүз", — деген мамлекет башчы.
Белгилей кетсек, Кумтөрдөн казылган 19,2 тонна алтындын аты аталбаган өлкөлөргө сатылышы тууралуу чуу чыккан. Андан тышкары, "Кумтөр голд компани" ишканасынын директору Теңиз Бөлтүрүк кызматтан четтетилген. Башкы прокуратура компанияда коррупциялык схема түзүлүп, мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилгенин билдирген.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2022
Сууну биз тазалабайбыз. Садыр Жапаров Кемпир-Абад боюнча нааразылык тууралуу
Жаңылыктар түрмөгү
0