Акылбек Жапаров: КР ШКУ өкмөт башчылар кеңешине төрагалык кылууга даяр

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМинистрлер кабинетинин төрагасы — президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин видео байланыш аркылуу өткөн жыйынына катышты
Министрлер кабинетинин төрагасы — президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин видео байланыш аркылуу өткөн жыйынына катышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2022
Жазылуу
Жапаров Кыргызстан бардык сунуштарга ачык жана биргелешкен өз ара пайдалуу кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.
БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы — президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин видео байланыш аркылуу өткөн жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров белгилегендей, бүгүнкү күндө ШКУ динамикалуу өнүгүп келе жаткан трансрегионалдык уюм, ал дүйнөнүн ички дүң продукциясынын дээрлик чейрек бөлүгүн бириктирет.
"Акыркы үч жыл ичинде дүйнөлүк коомчулук трансформация жана түп-тамырынан бери өзгөрүү мезгилин башынан кечирүүдө. Буга байланыштуу биздин өлкөлөр алдында ишкердик активдүүлүктү жана экономикалык байланыштарды тез арада калыбына келтирүү, соода тоскоолдуктарын жана чектөөлөрдү алып салуу, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өнөр жай кооперациясын кеңейтүү милдети турат", — деген ал.
Ошондой эле Кыргызстан 2022-жылдын ноябрынан тарта ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешине төрагалык кылууну кабыл алууга даяр экенин белгилеген.
"Өкмөт башчылар кеңешине төрагалык кылуунун алкагында "Шанхай духунун" принциптерин кармануу менен биз бардык сунуштарга ачык болобуз. Биздин мамлекеттердин жана элдерибиздин бакубаттуулугу жана кызыкчылыгы үчүн биргелешкен өз ара пайдалуу кызматташууга даярбыз", — деди министрлер кабинетинин башчысы.
Министрлер кабинетинин жетекчиси бир ай мурун ШКУга мүчө мамлекеттердин президенттеринин кеңешинин жыйыны ийгиликтүү өткөнүн, анын жүрүшүндө өз ара кызматташуунун ар кандай стратегиялык багыттары боюнча 40тан ашуун документке кол коюлганын белгиледи.
"Уюмга кирген өлкөлөрдүн эркин экономикалык аймактарына интеграцияланган ШКУ өлкөлөрүндө индустриалдык парктарды жана транспорттук-логистикалык борборлорду өнүктүрүүгө, ошондой эле бизнес-кызматташтык үчүн көп функционалдуу аянтчаларды түзүүгө биргелешкен көмөк көрсөтүү зарыл. Бул багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө Кытай-ШКУнун Регионалдык соода-экономикалык кызматташтыгынын көргөзмөлүү зонасынын дараметин пайдалануу да маанилүү", — деген Жапаров.
Ал кыргыз тарап бир нече жолу Шанхай кызматташтык уюмунун өнүктүрүү банкын жана өнүктүрүү фондун түзүү маселелерин тез арада чечүү зарылдыгын билдиргенин кошумчалады.
Кыргызстан желеги жана ЕАЭБ логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2022
Пресс-борбор
ШКУ менен ЕАЭБ кызматташа турган тармактар аталды. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0