Көк бөрү боюнча өлкө чемпионаты аяктап, Чүй менен Таластын улакчылары озуп чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековКөк бөрү оюнчулары. Архив
Көк бөрү оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2022
Жазылуу
26-30-октябрда өткөн биринчиликте республиканын бардык аймактарынан келген 14 команда намыс талашкан.
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Көк бөрү боюнча Талас облусунда өлкө чемпионаты аяктады.
26-30-октябрда өткөн спорттук мелдеште республиканын бардык аймактарынан келген 14 команда намыс талашкан.
Биринчилик эки жаш курак категориясы боюнча өттү. Жаштар арасында финалга чыккан Чүйдүн улакчылары Нарындын командасын 7:0 эсебинде жеңип алды. Үчүнчү орунду таластыктар ээлешти.
"Эң мыкты оюнчу" наамын Чүй облусунун курама командасынын оюнчусу Калкаман Акбаржан уулу алса, эң мыкты аргымак деп Нарын курамасынан Арча-Тору аталган.
Чоңдор арасында финалда Талас жана Чүй облусунун командалары беттешип, жалпы 7:5 эсебинде Таластын улакчылары жеңип кетти. Негизги жыйынтык 4:4 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган, бирок буллит ыкмасында 3:1 эсеби менен Талас облусу алдыга чыкты. Ошентип 2-орунду Чүй облусу, 3-орунду Ош облусу ээледи.
Чоңдор арасында Талас облусунун оюнчусу Кушчубай Илис уулу "Эң мыкты оюнчу" деп табылган. Эң мыкты аргымак деп Чүй облусунан барган Көк-Мончок аталды.
Берейтор Мирлан Дүрбөлөң уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2022
Улакка түшчү аттардын баасы унаадан да кымбат. Саяпкердин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0