Улакка түшчү аттардын баасы унаадан да кымбат. Саяпкердин маеги

© Фото / предоставлено Мирланом Дурболон уулуБерейтор Мирлан Дүрбөлөң уулу
Берейтор Мирлан Дүрбөлөң уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2022
Жазылуу
Берейтор Мирлан Дүрбөлөң уулу Бишкектеги эс алуу борборунун биринде жылкы багып, каалоочуларга ат минүүнү үйрөтөт. Ал асыл тукум жылкы таптоонун сырларын өздөштүрүүдө.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде мейманда болгон саяпкер, берейтор Мирлан Дүрбөлөң уулу кыргыз аттарынын чыдамдуулугун белгиледи.
— Жылкы баласына кандайча кызыгып калдыңыз?
— Айыл жергесинде жылкыга жакын болуп өскөндүктөн келечегимди да ушул жаныбарларга байладым. 2014-жылдан бери жылкыларга кам көрүп, өстүрүп келем. Аттарга кызыгуума Кыргызстандын эң мыкты саяпкерлеринин бири, улуу агам Эдил Дүрбөлөң уулу себепкер болду. Ошол кишиден көп кеңеш алдым. Өзүм Таластын Үч-Эмчек айылынан болом. Саяпкерликти шаарга келгенде жакшылап өздөштүрдүм. Келечекте ат чабышка жана улак тартышка ылайыктуу мыкты жылкыларды даярдаган саяпкер болуу максатым бар.
© Фото / предоставлено Мирланом Дурболон уулуБерейтор Мирлан Дурболон уулу
Берейтор Мирлан Дурболон уулу  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2022
Берейтор Мирлан Дурболон уулу
— Ат оюндарына да катышасызбы?
— Кыргызстанда көк бөрү менен катар эле башка ат оюндары да абдан популярдуу жана кызыктуу. Биз дагы андан алыстабай улуттук оюндарыбызды өнүктүрүүгө аракет жасап жатабыз. Мектепти бүткөндөн кийин жогорку окуу жайына тапшырбадым. Жылкы баласын таптоого кызыккандыктан ушул өнөрдү жакшылап өздөштүрүүгө белсендим.
— Саяпкерликти кишинин баары эле үйрөнө алабы?
— Буга кызыгуу, анан шык керек го дейм. Ар бир саяпкер атты кулун кезинен тандап алып, улакка же ат чабышка даярдайт. Мен азыр аттарды улакка даярдайм. Ошондой эле эс алуу борборунун биринде аттарды карап, аларды ижарага берип турабыз. Ат минүүгө кызыккандарга жоош, ылайыктуу аттарды тарбиялайбыз. Айыл жергесинде ат минүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ал эми шаарда ат минүү үчүн ушундай эс алуучу жайларга барууга туура келет. Болбосо өмүр бою ат мингенден коркуп өтүү кыргыз үчүн уят го.
Легендарлуу парламенттин депутаты, белгилүү коомдук ишмер, саяпкер Кемел Ашыралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Кемел Ашыралиев: кыргыздар жигиттин ким экенин ат жабдыгынан билген
— Багууга киришкенде, тандап алганда тукумуна карайсыздарбы?
— Учурда 25-30га чукул жылкы кармайбыз. Арасында таза кандуу англис, француз, шленский жана жаңы кыргыз тукумундагы аттар, ошондой эле понилер бар. Мисалы, англис тукумундагы аттар мыкты чуркагандыктан жарышка даярдалат. Ал эми француз тукумундагы жылкылар, понилер клип, сүрөттөргө түшүүгө ылайыктуу. Себеби териси сулуу келет. Жаңы кыргыз тукумундагы жылкылар ат минүүнү үйрөтүүгө колдонулат. Биз ар бир кыргыз баласы ат мингенди үйрөнсө деген максат менен иштеп жатабыз. Негизи жылкынын өзүнө ылайык ар башка кыялы болот. Бирок биз кичинесинен алып келип, үйрөтүп, тарбиялап багабыз. Айрым аттардын кыялы чатак болуп чыгат. Баладай эле жылкыларды да кичинесинен жакшы тарбиялоо керек. Саяпкердин таптаган тарбиясынан да көп нерсе көз каранды болот.
2014-жылдан бери англис таза кандуу жылкысы менен иштегендиктен ушул аттарды жакшы билем. Өзүмө да абдан жагат. Ошондой эле ар бир саяпкердин жакшы көргөн өз аты же ар бир аттын жакшы көргөн кишиси болот. Жылкылар деле бир адамга эркелеп, кыялын көрсөтүп калат. Атты бакканда тээп-чапкан жарабайт. "Ат сыйлаган жөө калбайт" деген макал бар эмеспи. Негизи атты жакшы карасаң, ал дагы адамга ошондой мамиле кылат.
© Фото / предоставлено Мирланом Дурболон уулуБерейтор Мирлан Дурболон уулу
Берейтор Мирлан Дурболон уулу  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2022
Берейтор Мирлан Дурболон уулу
— Сүрөткө, клипке түшүүгө ылайык териси сулуу аттарды, асыл тукум жылкыларды багуу шарты кандай? Жем-чөбү айырмаланабы?
— Айыл жеринде кандай багылса, бизде деле ошондой багылат. Болгону алма, сабиз өңдүү жер-жемиш, кошумча витаминдерди көп берип турабыз. Калган жем-чөбү ошондой эле. Баарына текши көңүл бурулат. Инструкторлор убагы менен азыктандырып турат. Негизи жылкыларды 1-1,5 жашына чейин минбей туруу керек. Кичинесинен минүүгө үйрөтсө буттарына доо кетип же шишик болуп калышы мүмкүн. Жылкы баласы туулганда эле адамга жакын болот. Ошол кезден баштоо керек. Ал эми 3-4 жашынан таптап баштаганда кеч болуп калат. Кичинесинен эле сылап-сыйпап көндүрбөсө, кийин адамдан чочуркап, ийге келтирүү кыйын. Ошондуктан көбүнчө кулун кезинен сатып алабыз. Ал эми сатып алынган чоң жылкыларды алгач тарбиялап, анан кардарларга чыгарабыз. Ошондой эле жайкысын күн жылууда жуунтуп, таза кармоо абзел. Эс алуучулар, акыркы учурда туристтер арбыды. Тилекке каршы, кышындагы суукта аттарды жуунта албай калабыз. Жөн гана тарап, щеткалап, буттарын жууп коёбуз.
— Камера менен иштөөгө, адамдардан чочуркабоого кантип көндүрөсүңөр?
— Башында көп эле кыйынчылыктар болду. Кийин кыргыздын жаңы асыл тукум жоош жылкыларын алып келгенде иш жеңилдеди. Азыр сүрөткө түшүп, клипке тартууда анчалык деле кыйналбайбыз. Бизге бир жума мурун келип сценарийин берип кетишет. Ошого жараша аттарды ылайыктайбыз. Анан да ат минүүгө келген киши алгач аны менен жакшылап көнүшүп, алма, сабиз өңдүү жем берип, сылап-сыйпап таанышуусу керек. Такыр ат минип көрбөгөндөр да келет. Чоң эле байкелердин арасынан да "биринчи жолу ат минип жатам" дегендер кездешет. Ат да сезип, мине албагандарды тоготпой каалаган жагына басып кетиши мүмкүн. Ошондуктан коркпой эле инструктордун сөзүн угуп, көрсөтмөсү менен минсе үйрөнүп кетет. Ушу кезге чейин бизде эс алуучуну ат ала качып кеткен учур катталган эмес. Анткени инструкторлор бул жагынан дыкат кароого аракет кылышат.
© Фото / предоставлено Мирланом Дурболон уулуБерейтор Мирлан Дурболон уулу
Берейтор Мирлан Дурболон уулу  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2022
Берейтор Мирлан Дурболон уулу
— Азыр кыргыз жылкыларынын баа-баркы кандай?
— Кыргызстанда улак тартуу, көк бөрү оюндары өнүгүп жаткандыктан ушул багытта тарбияланган улакка түшчү аттардын баасы унаанын баасынан да кымбат болуп кетти. Чет мамлекеттен алып келинген асыл тукум аттарга караганда өзүбүздүн жылкылар бышык. Климатыбызга, рельефке ылайыкташкан, чыдамдуу болушат. Өрүү жерлерден жакшы чуркайт. Асыл тукум жаңы кыргыз жылкылары жоош да болот. Таза кандуу жылкылар жукараак келет деп коёбуз. Башкача айтканда, тердеп келип желдеп калса дароо ооруп калышы мүмкүн. Ушундай назиктиги бар. Өзүбүздүн жылкылар андайды көп тоготпойт.
— Жылкы баласында кайсы оорулар көп жайылган?
— Көбүнчө ичегиси бурап ооруйт. Ал эми улакка, ат чабышка түшкөн таза кандуу аттардын көбүнчө буту жабыркайт. Кайрып алат же сынып кетет. Жылкынын буту сынганы — чоң трагедия. Жакшы атты жоготкондо жакыныңды жоготкондой эле сезим болот. Жылкыны жуунтканда да ооруп калышы мүмкүн. Суусун жылуу кылып абайлоо керек.
— Понилердин кичирээк келерин билебиз, кадимки жылкыдан дагы эмнеси менен айырмаланат?
— Понилер узак жашайт. Кадимки жылкылар 25-30 жыл жашаса, пони 50 жылга чейин өмүр сүрө алат. Ал абдан жоош, сүйкүмдүү, зыяны жок жаныбар. Биз аны Кыргызстандан эле өтө кымбат баага сатып алганбыз. Ал кезде аз болчу. Азыр көбөйүп калды. Понилерди шаардыктар жана туристтер кичине балдарына мингизүү үчүн ижарага алышат. Бала аны жетелеп, мингенде атка кызыгуусу артат. Негизи бул жаныбар 100-150 килограмм салмакты көтөргөнү менен чоң кишилерди мингизбейбиз.
© Фото / предоставлено Мирланом Дурболон уулуБерейтор Мирлан Дурболон уулу
Берейтор Мирлан Дурболон уулу  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2022
Берейтор Мирлан Дурболон уулу
— Сиздерде ижарага атын таштап кеткендер да болот экен?
— Ооба, биз атты алып, жем-чөбүн берип, жууп-тарап карап беребиз. Ээси каалаган учурунда келип минип турат. Ар бир адам атын таштап жатканда сүйлөшүүлөр менен катар келишим түзүлөт. Эгер мингизе бергиле десе, башкаларга ижарага бере беребиз. Каршы болсо өзүнө эле камдап турабыз. Багып, карап бергенибиз үчүн ээси бизге төлөп берет.
— Сиздердин борбордо атты канча убакыт кармайсыздар?
— Эки жылда бир алмаштырып турууга аракет жасайбыз. Бизде аттар күнүнө бир маал жем-чөбүн жеп, витаминдүү азыктарга көнүп калат. Кийин кандай кишинин колуна барса да жылкы баласы баш ийип жашап кетет, бирок жакшы кароо керек.
— Улакка же ат чабышка түшкөн аттарыңар жабыркап же өлүп калган учур болду беле?
— Жакында эле Байтик баатырдын 200 жылдыгы белгиленди. Чуңкурчакта 31 чакырымга ат чабыш болду. Баш байгеге батир коюлган. Ошондо аттар абдан кыйналып калды. Анткени белгиленген аралыктын теңинен көбү эле өрүү экен. Буга атты жакшы таптабаса жабыркап калары шексиз. Бирок ар кандай учурлар болот. Түздө чуркаганда деле ташыркап калышы мүмкүн. Ал эми Чуңкурчактагы ат чабышта бир күлүк марага аз калганда өлүп калбадыбы. Өрүүдө чуркап кыйналган күлүктүн жүрөгү жарылып кетти го деп ойлойм. Жаныбарынын мүнөзүн кадимкидей билип калгандыктан ат ээсине мындай учур оор тиет. Кээде ката чабандестерден да кетип калат. Ошол себептен чабандестерди, улакчыларды, инструкторлорду туура тарбиялоого аракет кылабыз.
© Фото / предоставлено Мирланом Дурболон уулуБерейтор Мирлан Дурболон уулу
Берейтор Мирлан Дурболон уулу  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2022
Берейтор Мирлан Дурболон уулу
— Каскадёрлор ат менен киного тартылганда аскадан сууга кулап, укмуштуудай трюктарды тартышат. Фильмдин аягында "эч бир жаныбар жабыркаган жок" деп жазылганы менен жылкы баласын аяп кетесиң. Бул боюнча сиздин оюңуз?
— Бизге деле каскадёрлор көп келет. Алардын өздөрүнүн аттары бар. Мындай аттар катуу даярдыктан өтөт, машыгат. Буттарына атайын коргоочу жабдыктар кийгизилет. Кокустук болуп эле ат жабыркап калбаса, анын баары алдын алынат. Жаныбар кыйналбайт деле. Анткени мындай трюкту жасоо ар бир аттын же баланын колунан келе бербейт. Аябай даярданышат. Тандалып алынган аттар менен трюк жасоонун техникалары бар.
— Ат минүүгө кызыккандар үчүн кандай жол-жобоңор бар?
— Биздин борбор ат минүүгө үйрөтүү үчүн балдарды 12 жаштан өйдө алабыз. Бул балдар ээрге мыктылап отуруп, аттын башын бурганга жарап калат. Чоң кишилер менен бирге келиши керек. Алгач баланын мүнөзүн сурап, ошого жараша ат тандап, көндүрүп, жылкынын кыялын айтып беребиз. Күнүнө бир саат үйрөтүлөт. Курс катары инструктор менен сүйлөшүп, акчасын төлөп берип күнүнө келип үйрөнүп кетсе болот. Мисалы, сегиз сабакка сегиз миң сом же бир саат ат минүү 800 сом. Көп ат минген кишилер оорудан алыс болот. Себеби ат үстүндө адамдын бардык органы кыймылда болуп, тамак сиңирүүгө, бөйрөккө жана эркектин ден соолугуна абдан пайдалуу.
Манас эпосунун 1000 жылдык маараке. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2021
Ашхабаддан Таласка чейинки ат чабыш. Кемел Ашыралиевдин тарыхый окуя тууралуу маеги
Олимпиада-80дин фрунзелик чемпиону Александр Блинов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2020
Ысык-Көл көзүмөн учту! Олимпиада-80 чемпиону менен ачык маек
Жаңылыктар түрмөгү
0