Кайра күн жылыйбы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан аля. Архив
Көчөдө бараткан аля. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2022
Жазылуу
Бишкекте 5-ноябрдан башка күндөрү жамгыр жаабайт. Абанын температурасы 19 градуска чейин жылуу болушу ыктымал.
БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада өлкөдө аба ырайы кандай болорун божомолдоду.
Билдирмеге караганда, бул жумада күн өткөн аптага салыштырмалуу салкындайт, бирок өтө деле суук болбойт. 1-4-ноябрга чейин көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Андан кийин күндүн көзү бузулушу ыктымал. Бишкекте 5-ноябрдан башка күндөрү жамгыр жаабайт. Абанын температурасы 19 градуска чейин жылуу болушу ыктымал.

Чүй, Талас облустары

Эки аймакта тең бүгүн, 31-октябрда, жамгыр жаашы, тоолуу аймактарына кар жаашы күтүлүүдө. 1-ноябрдан тарта күн ачылып, 2-ноябрга чейин эки күн жаан-чачын күтүлбөйт. 3-ноябрда түнкүсүн тоолуу аймактарга кар жаашы ыктымал. Ал эми күндүз жана 4-ноябрда күн ачык болот. 5-ноябда жамгыр жаап, кайра алтысында жамгыр токтоп күн ачылары айтылды. Чүйдө абанын температурасы 10...15 градус жылыса, Таласта 9...14 градусту көрсөтөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Түштүк аймактарында да аба ырайы бир калыпта болбойт, өзгөрүп турат. Маселен, Ошто 31-октябрда жамгыр, тоолуу жерлерине кар жааса, 1-2-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 3-ноябрдан бешине чейин күн ачык болору айтылды. 5-ноябрда күн бүркөлүп, тоолуу аймактарга кар түшөт. Абанын температурасы апта ортосунда 20 градуска чейин жылыса, негизинен 13...15 градусту көрсөтөт. Ал эми Жалал-Абад менен Баткенде 1-2-4-ноябрда жамгыр жаабайт. Башка күндөрү жаанчыл болуп, тоолоруна кар түшөт. Абанын температурасы Жалал-Абадда 11...16 градус, ал эми Баткенде 14...16 градус жылуу болору айтылды.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Ысык-Көл облусунда аптанын биринчи күнү, 31-октябрда, жамгыр, тоолуу жерлерине кар жаашы мүмкүн. 1-ноябрдан 4-ноябрга чейин жаан-чачын күтүлбөйт. 4-5-ноябрда күндүн көзү бузулуп жамгыр жааса, 6-ноябрда кайра күн ачыла турганы айтылды. Абанын температурасы 9...14 градустун тегерегинде жылуу болот.
Ал эми Нарында 31-октябрда көпчүлүк жерлеринде жаан жааса, 1-ноябрдан тарта күн ачылып, 4-ноябрга чейин жаан-чачын күтүлбөйт. 5-ноябрда жамгыр, тоолуу аймактарга кар жаай турганы айтылды. Абанын температурасы күндүз 9...11 градусту көрсөтөт.
Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техникалык илимдердин доктору, академик Дүйшөнбек Камчыбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2022
Радио
Камчыбеков: быйыл кышта көмүр тартыштыгы жаралышы мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0