Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

АКШнын Украинага жардамы өзүндөгү аскердик чоң көйгөйдү ачыктады

© AFP / SERGEI SUPINSKYАКШнын Украинага аскерий жардамы. Архивдик сүрөт
АКШнын Украинага аскерий жардамы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2022
Жазылуу
Америкалык отставкадагы деңиз аскери АКШнын куралдуу күчтөрү Советтер Союзу менен күрөшүү үчүн алынган курал-жарак, жабдыктарды 20 жылдан бери өз операцияларына колдонуп келе жаткандыгын айткан.
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Американын Украинага курал-жарак жеткирип туруусу өзүнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн төмөндөтүп, аскердик запасын түгөттү. Бул тууралуу Американын отставкадагы деңиз аскери Дакота Вуд 19fortyfive басылмасы үчүн макаласында жазган. Материал "ИноСМИ" тарабынан которулду.
"Америкалык аскерлер 20 жылдан бери Советтер Союзу менен күрөшүү үчүн сатып алган курал-жарак, ок-дары, жабдыктарды колдонуп келе жатат. Аларды алмаштыруу керек экени көрүнүп калды. Аскерлерге эскирген платформа менен иштөөгө туура келип жатат, ал эми куралдын кору акырындык менен түгөнүүдө. Киевге жардам көрсөтүү бул көйгөйдү ого бетер курчутту, Украинанын Россиядан коргонуусу үчүн Пентагон запастагы курал-жарак, ок-дарысын улам көбөйтүп берип жатты. Курал-жарак сакталган кампалар бош, эми аны кайра толтурууга бир нече жылдар кетет", — деп жазган Вуд.
Ал АКШ курал-жарагын жаңылаганы менен жалпы кубаттуулук азайып баратканын белгилеген.
"Армиянын күчү азыр араң бир эле согушка жетет. Эгерде АКШга НАТО боюнча Европадагы өнөктөштөрүн коргоого туура келсе Израиль, Тайвань, Япония, Түштүк Корея жана башка союздаштарын кайда болбосун коргоого күчү жетпейт", — деп кошумчалады Вуд.
МАГАТЭ логосу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2022
МАГАТЭ: АКШ өзөктүк технологияда лидерлик позициясын жоготту
Жаңылыктар түрмөгү
0