30-октябрга карата аба ырайы

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОштун көчөлөрүнүн биринде бараткан жарандар. Архивдик сүрөт
Оштун көчөлөрүнүн биринде бараткан жарандар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2022
Жазылуу
Жекшембиге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. 30-октябрда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде кар аралаш жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +6...+11, Талас аймагында +5...+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен, Ысык-Көл облустарында +11...+16, Нарын өрөөнүндө +9...+14 градус жылуу болот.
Борбор калаада жана Ош шаарында күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүн табы Бишкекте +7...+9 градуска жетсе, Ошто +13...+15 градусту көрсөтүп турат.
Кардуу аба ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2022
Алдыдагы аптада Чүйдө аба ырайы кандай болот?
Жаңылыктар түрмөгү
0