Алдыдагы аптада Чүйдө аба ырайы кандай болот?

© Sputnik / Табылды КадырбековКардуу аба ырайы. Архивдик сүрөт
Кардуу аба ырайы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2022
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-ноябрда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптада Чүй облусунда аба ырайы кандай болорун айтты.
30-31-октябрда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.
1-2-ноябрь жаан-чачынсыз болот.
3-ноябрда айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.
4-ноябрда дыйканчылык аймактарда жаан жаабай турганы божомолдонууда.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-ноябрда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Кар учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2022
Ноябрь ичинде Кыргызстанда аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0