Бишкекте Санкт-Петербург шаары менен мамилени бекемдеген иш-чара өтөт

© Фото / Санкт-Петербургский театр песни и танца "Морошка"Санкт-Петербургдагы "Морошка" ыр жана бий театрынын артисти Елена Викинг
Санкт-Петербургдагы Морошка ыр жана бий театрынын артисти Елена Викинг - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2022
Жазылуу
Иш-чараны Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар комитети Бишкек менен бир тууган шаар мамилелеринин алкагында өткөрмөкчү.
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. 4-9-ноябрь күндөрү Бишкекте “Кыргызстандагы Петербург жолугушуулары” аттуу комплекстүү иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Аны Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар комитети Бишкек менен бир тууган шаар мамилелеринин алкагында өткөрмөкчү.
4-ноябрда Улуттук тарых музейинде "Взывай же чаше к памяти моей, медаль "За оборону Ленинграда" сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы болот.
Андан соң "Трамвай идет на фронт" жана "Блокадный футбол" даректүү тасмалары көрсөтүлөт.
Ошол эле күнү саат 18:30да Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда россиялык "Морошка" тобунун концерти тартууланат.
Бишкекте Орто Азия романсиадасы гала-концерти кандай өттү. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2022
Бишкекте "Орто Азия романсиадасы" гала-концерти кандай өттү. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0