Ош шаарында үйлөргө жылуулук качан берилери айтылды

© Sputnik / Мария Девахина / Медиабанкка өтүүЖылуулук батареясы. Архив
Жылуулук батареясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2022
Жазылуу
Учурда үйлөрдөгү жылуулук түтүктөрүн текшерүү жана даярдоо иштери жүрүп жатат.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Ош шаарында 28-октябрдан тарта бардык социалдык объектилерге жана турак жайларга жылуулук берилет. Бул тууралуу шаардын мэриясы билдирди.
Муниципалитет 22-октябрдан баштап облустук жана шаардык төрөт үйлөрүнө, 24-октябрдан тарта айрым социалдык объектилерге жылуулук берилгенин кошумчалаган. Учурда үйлөрдөгү жылуулук тармактарын текшерүү жана даярдоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Электр эсептегичи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2022
Энергетика министри быйыл атайын өчүрүүлөр болбой турганын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0