Тажик аскерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
2022-жылдын 16-сентябрында тажик тарап Кыргызстанды көздөй алты жерден ок ата баштаган, чек арада абал курч бойдон калууда.

ДНК-тест Дастан Анарбеков каза болду деп чыгарды. Апасы жыйынтыкка макул эмес

© Фото / предоставлено Сауле ИманалиеваКыргызстандык аскер Дастан Анарбеков. Архив
Кыргызстандык аскер Дастан Анарбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2022
Жазылуу
Сауле Иманалиева көз карандысыз экспертиза жасатарын айткан.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан бери дайыны чыкпай жаткан кыргызстандык аскер Дастан Анарбековдун апасы Сауле Иманалиева генетикалык-экспертизанын жыйынтыгы чыкканын айтып, бирок ага макул эместигин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Эске салсак, 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийинки ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө бронежилет кийген аскердин денесинин калдыктары табылган. Анын ким экенин аныктоо максатында дененин калдыктары соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөн. Экспертиза табылган сөөк буга чейин изделип жаткан лейтенант Дастан Анарбековго таандык болушу мүмкүн деген жыйынтык чыгарган. Бирок мындай корутундуга Анарбековдун туугандары макул болгон эмес. Мындан улам алардын туугандык байланышын аныктоо максатында керектүү материалдар ДНК-тесттен өткөрүү үчүн Казакстандын лабораториясына жөнөтүлгөн.
Аскердин апасы жыйынтык 99 пайыз дал келет деп чыгарганын айтып, бирок анализди алууда одоно тартип бузуулар болгонун белгилеген.
"Экспертизанын корутундусу менен макул эмесмин. Себеби генетикалык текшерүү үчүн биологиялык материалдын үлгүлөрү туура эмес алынган. 21-сентябрда атасынан кан алынып, ал 6-октябрда текшерүүгө жөнөтүлгөн. Негизи канды сактоо мөөнөтү үч күндөн ашпашы керек. Митохондриялык ДНК энеден алынат, бирок менден алган эмес. Анализдин конвертин биздин катышуубузда ачышы керек болчу, бирок ал ачык болгон. Мага жыйынтыкты көрсөтүшкөн жок, күйөөмө эле ачкандан кийин көргөзүшүптүр", — деп жазган ал.
Сауле Иманалиева көз карандысыз экспертиза жасатарын айтып, уулунун Тажикстанда жүргөндүгү тууралуу маалымат айтылып жатканын да кошумчалаган.
Тажик аскер кызматкерлери БТРде машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2022
Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши
УКМК: Тажикстан чек арачылары кыргыз аскерлерине жалаа жабууда
Жаңылыктар түрмөгү
0