Бишкектин чок ортосунан атырылып чыккан "фонтан". Видео

© Sputnik / Юрий СтрелецЫсык суу түтүгү жарылып кетти. Архив
Ысык суу түтүгү жарылып кетти. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2022
Жазылуу
Учурда баары калыбына келтирилгени айтылды.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бүгүн эртең менен Бишкектин чок ортосунда түтүк жарылып, андагы суу фонтан болуп атырылган.
Окуя Москва жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде катталды. Жарылып кеткен түтүк мэриянын турак жай-коммуналдык чарбасынын карамагында экени маалым болду.
Бишкек мэриясынын маалымат кызматы "Бишкек жылуулук түйүн" ишканасынын кызматкерлери сууну токтотуп, түтүктү калыбына келтиргенин билдирди.
Кран суусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2022
26-октябрда Бишкектин айрым конуштарында таза суу өчөт
Жаңылыктар түрмөгү
0