Британиянын азиат тектүү биринчи премьери Риши Сунактын өмүр таржымалы

© AFP / JUSTIN TALLISБританиянын премьер-министри Риши Сунак
Британиянын премьер-министри Риши Сунак - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2022
Жазылуу
Риши Сунак — Британиянын мурдагы финансы министри. Миллиардердин кызына үйлөнгөн, жубайлар өлкөдөгү бай адамдардын тизмесинде.
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Улуу Британиянын мурдагы финансы министри 42 жаштагы Риши Сунак премьер-министр жана Консерваторлор партиясынын лидери болду.
Август айында Борис Жонсон кызматтан кеткенден кийин Сунак бул кызматка ат салышкандар арасындагы фавориттердин бири болчу. Бирок анда Консерваторлор партиясынын мүчөлөрүн ынандыра алган эмес. Партиядагылар Лиз Трасска добуш беришкен болчу. Бул жаңылыштык экендигин Лиз Трасстын 45 күндөн кийин кызматын тапшырып бериши көрсөттү.
Ошентип Сунак алгачкы жарышта утулуп калган болчу. Андан туура жети апта өтүп көздөгөн жеңишине жетти. Кызматка ат салышкан жалгыз атаандашы жарыштан четтегенин жарыялаган соң Сунак премьер-министрликке жалгыз талапкер болгон. Өкмөт башчы боло тургандар парламенттеги партиялаштарынын 100дөн кем эмес добушун алышы керек. Риши Сунак бул добушка ээ болду.
Британиянын экс-премьери Борис Жонсон мурда айтылып жаткандай эмес, башка кадам жасап, өз талапкерлигин койгон жок.
Sputnik Кыргызстан Британия жаңы премьер-министри жөнүндө маалыматтарды топтоду.
Риши Сунак 1980-жылы 12-майда Англиянын түштүгүндөгү Саутгемптон шаарында төрөлгөн. Ата-энеси индиялыктар (ошол учурдагы Британия колониясы), андан кийин Чыгыш Африкада жашап, 1960-жылы Улуу Британияга көчүп барышкан.
Улуу Британиянын экс-премьери Борис Жонсон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2022
Жонсон кайрадан премьер болушу мүмкүн: аны 100 консерватор колдоду
Сунактын ата-энеси медицина кызматкерлери болгон. Жөнөкөй үй-бүлөнүн уулу экендигине карабай ал алдыңкы билим берүү мекемелеринде окуган. Алгач балдардын элиталык интернатында — Винчестер колледжинде окуп, андан кийин Оксфорддо бакалавриат, Стэнфорд университетинен магистратураны аяктаган.
2001-2004-жылдары Goldman Sachs инвестициялык банкында аналитик болуп иштеген. Андан соң The Children's Investment Fund Management хедж-фондун башкаруусу боюнча фирмада иштеп, 2006-жылы анын өнөктөшү болгон. 2009-жылы Theleme Partners хедж-фондуна биригип, Catamaran Ventures инвестициялык компаниясынын директору болгон. 2015-жылы парламенттин мүчөсү болуп шайланып, анда дароо Brexit процессин колдогон.
2019-жылы Борис Жонсон жетектеген өкмөттүн казынасынын башкы канцлери болуп, ошондон тартып эл оозуна көбүрөөк алына баштаган.
Жаңы шайланган премьер-министр Индиянын эң бай адамдарынын бири Нараяна Муртинин кызы Акшата Муртиге үйлөнгөн. Алар Стэнфорд университетинде таанышкан. Мурти кийим дизайнери кесибин аркалайт, түгөйлөрдүн эки кызы бар.
The Sunday Times гезитинин версиясы боюнча, өмүрлөштөр 730 миллион фунт стерлинг (827 миллион доллар) көлөмүндөгү байлыгы менен өлкөдөгү байлардын тизмесинин 222-катарына кирген. Ат мингенди, крикет жана футбол ойногонду жактырат.
Формалдуу процедуралардан кийин Сунак Британиянын тарыхында азиат тектүү биринчи премьер-министр болот.
Эми британиялыктар Сунакка казынанын чыгымдарын кескин азайтып, каржылык абалды калыбына келтирет деп үмүт артышууда. Себеби өлкө азык-түлүк жана электр энергиясынын кымбатташынан каатчылыкка кириптер болгон.
Улуу Британиянын премьер-министри Элизабет Трасс. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2022
Трасс Улуу Британиянын премьер-министрлик кызматынан кетип жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0