Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Байденди мазактап жатат

© AP Photo / Saudi Royal Palace / Bandar AljaloudСауд Аравиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бен Сальман Аль Сауд жана АКШнын президенти Жо Байден. Архив
Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бен Сальман Аль Сауд жана АКШнын президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2022
Жазылуу
Келечектеги падыша Дональд Трамп менен ымала түзүүгө ыктай турганын белгилеген.
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бен Сальман Аль Сауд АКШнын 79 жаштагы президенти Жо Байдендин байкабай кетирген жаңылыштыктары үчүн мазактап, акыл-эси ордунда экенинен шек санап жатат. Бул тууралуу РИА Новости сауд өкмөтүндөгү маалымат булактарына таянган Wall Street Journal басылмасынын макаласына шилтеме берип жазды.
Басылманын маектеши билдиргендей, келечектеги падыша кеңешчисине Байден Барак Обаманын тушунда вице-президент болуп турганда деле жакшы таасир калтырбаганын айткан. Андан тышкары, ал мурдагы республикачы президент Дональд Трамп менен ымала түзүүгө ыктай турганын белгилеген.

"Байден ханзаада Мухаммед менен бир жылдан ашык убакыт сүйлөшүүдөн баш тартып жүрүп, акыры июлда Жидда шаарында жолугушкан. Анда Сауд Арабиянын кызмат адамдары Байден келгиси келбей жана саясий дискуссияларга кызыкдар болбогонун сезишкен", — деп айткан гезиттин маалымат булагы.

Өз кезегинде Жакынкы Чыгышка адистешкен беделдүү эксперт Эрон Дэвид Миллер бүгүнкү күндө Вашингтон менен Эр-Рияддын ортосунда ишеним дээрлик жок экенин айтты. Серепчинин пикиринде, мамилелердин чыңалуусуна Байден менен мураскор ханзааданын жеке кастыгы себеп болгон, бул тенденция мындан ары дагы өрчүшү мүмкүн.
Ал эми Ак үйдүн расмий өкүлү Карин Жан-Пьер макалада жазылгандарды күлкү келерлик деп атады. Ошондой эле АКШ Сауд Арабия менен мамилени кайра карап чыгууну улантып жатканын, азырынча жарыялай турган эч нерсе жоктугун билдирген.
АКШ президенти Жо Байден - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2022
ЖМК: Байдендин Путиндин дарегине айткан сөзү америкалыктарды чочутту
Жаңылыктар түрмөгү
0