Кыргызстандык кыз Түркиядагы сынакта "Азия ханбийкеси" болду. Сүрөт

© Фото / предоставлено Саадат ТурусбековойМодель Саадат Турусбекова
Модель Саадат Турусбекова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2022
Жазылуу
Таажы жана баш байге үчүн 20 өлкөнүн өкүлдөрү ат салышкан.
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Модель Саадат Турусбекова Princess of the Globe 2022 деп аталган эл аралык сынакта Кыргызстандын намысын коргоду. Бул тууралуу ал Sputnik редакциясына билдирди.
© Фото / предоставлено Саадат ТурусбековойМодель Саадат Турусбекова
Модель Саадат Турусбекова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2022
Иш-чара Түркияда 11-20-октябрда өткөн. Таажы жана баш байге үчүн 20 өлкөнүн өкүлдөрү ат салышкан.
Сулуулар өз өнөрлөрүн, талантын көрсөткөндөн кийин ал тандалган жети сулуунун бири болуп, "Азия ханбийкеси — 2022" титулуна татыган.
Турусбекова Инновациялык технологиялар боюнча эл аралык университеттин акыркы курсунда, менеджмент факультетинде билим алат.
Диами Алмазбекова Кыргызстан сулуусу аталды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2022
Диами Алмазбекова "Кыргызстан сулуусу" аталды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0